• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков Египеттин жаңы президентин шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 03.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Абдель Фаттах Ас-Сисиге анын Египет Араб Республикасынын Президенти кызматына кайра шайланышына байланыштуу куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Сиздин Египет Араб Республикасынын Президенти кызматына кайра шайланышыңызга байланыштуу менин чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду кабыл алып коюңуз.

Сиздин кайрадан шайланышыңыз Сиз жүргүзүп жаткан мамлекетти жана коомду ар тараптан өнүктүрүү багытына элдин ишениминин жогорку деңгээлин ырастап турат. Сиздин жетекчилигиңиз менен Египет Араб Республикасы чоң ийгиликтерге жетишет деп ишенем.

Сизге, урматтуу мырза Президент, бекем ден-соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди, ал эми биз менен дос Египет элине – тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалайм!», - деп айтылат Кыргыз Республикасынын Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий