• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков ЕК Төрагасы Дональд Тускту Европа күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 09.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Европа кеңешинин Төрагасы Дональд Тускка Европа күнүнө байланыштуу куттуктоо жолдоду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
“Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Европа бирлиги менен мамилелери өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө чын дилден умтулуусу менен айырмаланат. Бизди сөз эркиндигин, коопсуздукту, адам укyгун, ошoндой эле укуктун үстөмдүгүн камcыз кылyуну бекем жактаганыбыз бириктирип турат.
Кыргыз Республикасы өз ара мамилелерди тереңдетүүгө жана кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана кеңейтүүгө зарыл болгон күч аракетин жумшоого даяр”, -деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.
Президент Сооронбай Жээнбеков Европа кеңешинин Төрагасы Дональд Францишек Тускка чың ден-coолук жана жогорку кызматтагы ишине мындан apкы ийгиликтeрди каaлады.

Пикир

Оставить комментарий