• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат

Президент 0

Бишкек, 17.10.19./Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда. 17-18-октябрь күндөрү президент Жалал-Абад облусуна эки күндүк иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматык саясат бөлүмү билдирди.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна жана Кара-Көл шаарына болгон иш сапарынын алкагында президент экспортко багытталган ишканалардын ишмердиги менен таанышып, таза суу, ирригация жана айыл чарба объектилерин көрүп чыгат. Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушат. Ошондой эле Токтогул ГЭСин реабилитациялоо иштеринин биринчи фазасынын жыйынтыкталышы менен таанышат.

Пикир

Оставить комментарий