• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков эки жактуу мамилелерди бекемдөө үчүн Эрдоганга эмне сунуштады? – сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы

Саясат 0

Анкара, 10.04.18. /Кабар/. Кечээ, 9-апрелде Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун эки күндүк расмий сапарынын алкагында Анкарада Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен тар жана кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөр өттү.

Президенттер энергетика, транспорт, айыл чарба, саламаттык сактоо, парламенттер аралык кызматташуу, маданият жана билим берүү тармактарында эки жактуу кызматташуулардын аспектилерин, ошондой эле инвестицияларды тартуу маселелерин талкуулашты. Мамлекет башчылар тараптардын жылдык товар айлантууну 1 млрд долларга чейин жогорулатуу потенциалын баса белгилешти.

Жээнбеков сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Соода палаталарынын кызматташтыгын активдештирүүнү, Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда Ишкер кеңешти түзүүнү сунуштап, Кыргызстандын социалдык долбоорлоруна өз салымын кошуп жаткан ТР премьер-министринин аппаратынын Түрк кызматташуу жана координация агенттигинин (ТИКА) оң ишин белгиледи.

Кыргызстандын башчысы Түркия менен саламаттык сактоо, маданият, спорт тармагында кызматташуунун оң жактарын белгиледи. Ал түрк тарапты Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган 3-чү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.

Мындан тышкары мамлекет башчы 2018-жыл (ТҮРКСОЙ) эл аралык түрк маданияты уюму тарабынан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жылы болуп жарыяланганын белгилеп, түрк тарап жазуучунун маарекесине арналган иш-чараларга катышарына ишеним билдирди.

Эрдоган ТИКАнын ишмердиги боюнча агенттик Кыргызстандын президентинин 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы катары Жарлыгынын алкагында долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышарын билдирди.

Эки жактуу жолугушуулардын жүрүшүндө Эрдоган Түркия дайыма Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүн колдоп келерин айтып, эки республиканын ортосундагы алакалардын бекемделишине ишеним билдирди.

Бүгүн, 10-апрелде президент Жээнбеков Түркиядагы кыргыз диаспорасынын лидерлери, ошондой эле премьер-министр Бинали Йылдырым жана Улуу улуттук жыйындын спикери Исмаил Кахраман менен жолугушат.

Пикир

Оставить комментарий