• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков ЕККУ ПАнын күзгү отурумунун ачылышында сөз сүйлөдү

Президент 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында башталган Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) күзгү отурумунун ачылышына катышып, сөз сүйлөдү.

40тан ашуун өлкөдөн келген парламентарийлердин алдында трибунадан сөз сүйлөп жатып мамлекет башчы конокторго учурашып, ушундай деңгээлдеги иш-чараны өткөрүү Кыргызстан үчүн чоң сыймык экендигин билдирди.

“Дүйнөдөгү эң масштабдуу парламенттик форумду өткөрүү парламенттик демократиянын өнүгүү жолун тандаган Кыргызстан сыяктуу өлкө үчүн ардактуу миссия болуп саналат. ЕККУнун катышуучу өлкөлөрүнүн парламентарийлеринин катышуусундагы конференция бизде биринчи ирет өтүп жатат”, - деп белгиледи президент.

Ал бул иш-чара Кыргызстандагы парламентаризмди бекемдөөгө түрткү берерин жана өлкөнүн потенциалын дүйнөлүк аянтчада көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн билдирди.

Андан соң президент катышуучуларга Кыргызстандагы соттук, шайлоо жана укуктук системаларда жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып берди.

Пикир

Оставить комментарий