• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков: Экономикалык жоготууларга карабай, адам өмүрүн сактап калуу милдети турат

Президент 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйынына катышты. Мамлекет башчысынын катышуусу менен КР Өкмөтүнүн жаңы дайындалган мүчөлөрү ант берди.

Президент өлкөдөгү абалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылып, сөз сүйлөдү.

Төмөндө Мамлекет башчысынын сөзүн толугу менен келтиребиз:

«Урматтуу Дастан Артисбекович!

Урматтуу депутаттар!

Урматтуу Өкмөт мүчөлөрү!

Бүгүн ант берген өкмөттүн жаңы мүчөлөрү — өз милдетиңерге эң жооптуу учурда киришип жатасыздар.

Азыр ар бир саат кымбат.

Ар бир күн кымбат.

Берген антыңарды бекем кармап, күнү-түнү тынбай эмгектене турган мезгил.

Элге кызмат кылуу үчүн болгон күч-аракетиңерди, билимиңерди, тажрыйбаңарды жумшайсыңар деп ишенебиз.

Баарыңарга ийгилик каалайм.

Урматтуу мекендештерим!

Урматтуу депутаттар!

Дүйнөдөгү мамлекеттер сыяктуу эле биз дагы оор сыноону баштан кечирип жатабыз.

Өлкөдө коронавирус илдетине байланыштуу кырдаал оңой эмес.

Дарыгерлерибиздин тынымсыз аракети менен, Кудайга шүгүр, бул оорудан айыккандар да бар экенин билесиздер.

Бирок, илдетке чалдыккандардын саны өсүп жатат.

Тилекке каршы, каза болгондор да бар.

Адистердин айтымында, оору жугузгандардын санынын көбөйүшү алдыда.

Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасынан көрүп жаткандай, оорулуулардын саны карантин киргизилгенден 35-40 күн өткөндөн кийин азая баштаган.

Биздин адистердин анализи боюнча, Кыргызстанда ооруга туш болгон учурлардын көбөйүүсү — апрель айынын экинчи жарымына туура келет деп божомолдонуп жатат.

Коңшу мамлекеттерде жана бизге союздаш — карым катышыбыз тыгыз өлкөлөр да өздөрүнүн аймагында өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартып жатышат.

Азыркы кырдаал боюнча Штабдын жетекчилеринен так маалымат алып, алардын сунуштарын уктум.

Бул татаал учурдан чыгуунун жолдорун Жогорку Кеңештин төрагасы, Премьер-министр жана фракциялардын лидерлери менен чогуу талкууладык.

Тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана кесипкөй адистер менен кеңештим.

Медициналык талаптардын сакталышы жана өз ара карым-катыш, байланыштардын кескин чектелүүсү — учурдагы кырдаалды көзөмөлдө кармоо үчүн туура кадам болгонун баары белгилешти.

Урматтуу мекендештерим!

Биз үчүн эң кымбат нерсе — бул жарандарыбыздын ден соолугу жана өмүрү.

Адамдардын саламаттыгын коргоп, өмүрүн сактап калуу үчүн баардык чараларга барабыз.

Азыр коронавирус илдетине каршы вакцина табыла элек.

Коомду бул илдеттен коргоп калуунун бир гана куралы — санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруу жана бекем тартипти сактоо болуп турат.

Жарандарыбыз өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын эрежелерин сактаганы үчүн - кырдаалдын мындан да курчуп кетишине жол берилген жок.

Азыр өзгөчө абал режимин алып таштасак, медиктердин күнү-түнү жасаган мээнети, тартип сакчыларынын эмгеги, жалпы коомубуздун буга чейин жасаган аракеттери текке кетет.

Күнүмдүк турмуштагы ыңгайсыздыкка карабай, айрым аймактардагы өзгөчө абал режимин узартуу жана киргизүү — эң зарыл кадам.

Муну баарыбыз түшүнөлү.

Ошондуктан, өзгөчө абал киргизилген шаарларда жана райондордо бул режимди 30-апрелге чейин узартуу жөнүндө чечим кабыл алдым.

Тиешелүү Жарлыкка кечээ кол койдум.

Урматтуу мекендештерим!

Өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартуу — оңой чечим болгон жок.

Жарандарыбыздын турмушунда бир топ чектөөлөр, ыңгайсыздыктар, ал гана эмес айрым мекендештерибиздин жашоо тиричилигинде кыйынчылыктар жаралды.

Айрыкча, күнүмдүк кирешесин күндө таап, күндөлүк жумуш менен тиричилигин өткөргөндөр кыйналып жатканынан толук кабарым бар.

Ошондой эле карантин өлкөнүн экономикасына да олуттуу залал тийгизип жатат.

Таразанын бир жагына жарандырыбыздын ден соолугу жана өмүрү, экинчи жагына экономика жана киреше маселеси коюлду.

Мына ушундай катаал сыноону баштан кечирип жатабыз.

Мамлекет башчысы катары мен үчүн жалпы коомдун, ар бир мекендешимдин ден соолугу кымбат.

Ошондуктан, ушул чечимге бардым.

Мындай чечим кабыл албасак, бул кесепеттин терс таасири узак убакытка чейин тийиши мүмкүн.

Өлкөнүн келечегине абдан катуу доо кетирип алабыз.

Оору жугузгандардын саны азая баштаган учурга жете элекпиз.

Муну дагы бир ирет кайталайм.

Урматтуу мекендештерим,

Чыңгыз Айтматов айткандай, „бүгүн баарыбыз тең бир кайыктабыз“.

Азыркы кырдаалда эч ким колдоосуз калбайт.

Муктаж болгондорго жардам берүү учурдагы эң көйгөйлүү милдет катары аныкталган.

Мамлекет тарабынан жасалчу социалдык коргоонун баардык механизмдерин колдонобуз.

Аярлуу катмардагы жарандарды күнүмдүк тамак-аш менен камсыз кылуу маселесин чечебиз.

Пенсиялар, жөлөкпулдар, айлык акылар сакталат, өз убагында берилет.

Өкмөт бул багыттагы иш-чаралар үчүн зарыл болгон резевдердин баарын колдонууга мүмкүнчүлүгү бар.

Баарыңарга белгилүү, бизде башка өлкөлөрдөгүдөй резервде „коопсуздук жаздыгы“ болгон эмес.

Ошондуктан, эл аралык өнөктөштөр менен активдүү иштеп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.

Алгачкы жардамдарды алдык.

Урматтуу депутаттар, сиздер жакшы билесиздер, мамлекеттик бюджеттин кирешесин көбөйтүп, социалдык чыгымдарга зарыл запас түзүп баштаганбыз.

Акыркы эки жылда бюджеттин дефицитин азайтып, сырткы карыздын көлөмүн көбөйтпөй, көзөмөлдө кармап келдик.

Ишкерлерге салык жагынан жакшы шарт түзүп, экономикалык активдүүлүк башталган.

2018-жылы Ички дүң продукт 3,5 пайызга, ал эми 2019-жылы дээрлик 5 пайызга өскөн.

Бизнести каржылоонун көлөмү кескин көбөйгөн.

Тилекке каршы, жалпы дүйнөнү капыстан каптаган илдет биздин экономикабызга да чоң залалын тийгизди.

Реформалар солгундап, өлкөнүн коомдук-саясий турмушундагы айрым иштер үзгүлтүккө учурады.

Мисалга, жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо мөөнөтүн жылдырууга мажбур болдук.

Өлкөбүздүн соңку тарыхындагы өзгөчө окуя болгон Апрель революциясынын 10 жылдыгын алдын ала түзүлгөн пландагыдай белгилей албадык.

Быйыл Улуу Ата Мекендик Согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын белгилей турган жыл.

Өлкөбүздүн тарыхындагы бул ыйык датага байланыштуу иш-чаралар да өзгөрүүлөргө учурайт.

Дүйнөнү өзгөртүп жаткан бул кырдаал, өлкөдөгү кайсы тармакта кандай көйгөй бар экенин ашкереледи.

Коомдун саламаттыгын коргоодогу жана бул тармакты башкаруудагы көйгөйлөргө кептелдик.

Саламаттыкты сактоо тармагы туташ реформага муктаждыгын турмуш дагы бир ирет далилдеди.

Мындан тышкары илим, билим тармагы да замандын жаңы чакырыктарын эске алып, жаңыртууну талап кылат.

Урматтуу мекендештерим,

Учурдагы кыйынчылыкка карабай, экономиканы сактап калуу боюнча бардык иш-чаралар аткарылат.

Бизнести колдоо үчүн бир катар чечкиндүү кадамдар жасалат.

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл жумушту — жазгы-талаа иштерин үзгүлтүккө учуратууга болбойт.

Электрондук форматта жүргүзүлүшү мүмкүн болгон иштерди токтотпостон, улантабыз.

Өлкөнү санариптештирүү программасын ишке ашыруу токтобойт.

Санариптештирүү боюнча акыркы эки жылда жасалган иштин пайдасын — бүгүнкү күнүмдүк турмушубузда көрүп жатабыз.

Өлкө экономикасын, калктын турмушун жакшыртууга багытталган улуттук долбоорлорду уланта беребез.

Алар кечеңдеши мүмкүн, бирок, үзгүлтүккө учурабайт.

Бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бизге көмөк берип жаткан донорлор да өз жардамын токтотпой турганын белгилешти.

Эми ар бир аймактагы кырдаалды кылдат иликтеп, даректүү иш-аракеттерди жасайбыз.

Өкмөт, жергиликтүү бийлик менен кеңешип, акыбал оңоло баштаган жерлерде айрым талаптарды жеңилдетебиз.

Ишкер чөйрөнүн өзгөчөлүктөрүн эске алып, жумуш орундарын жоготпоо максатында, айрым субьектилерге уруксат берүү мүмкүнүчүлүгү каралат.

Бирок, коркунуч азайбаган калктуу конуштарды локализация жасап, ар бир айыл жана шаар үчүн өзүнчө режимди колдонууга барабыз.

Ошол эле учурда өлкөнүн сырткы чек араларын күчөтүлгөн тартипте кайтарып, башка өлкөлөр менен болгон байланышты чектөөнү улантабыз.

Мындай чектөөлөр облустар, райондор арасындагы карым-катташка да тиешелүү.

Бул тартипти жалпы дүйнөдөгү кырдаал жакшырганга чейин сактоого мажбур болобуз.

Бул күрөштө биз жалгыз эмеспиз.

Кыргызстанга Бириккен Улуттар Уюму, Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду, Европалык кайра куруу жана өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюму, Араб мамлекеттеринин фонддору колдоо көрсөтүп жатышат.

Россия — чыныгы союздаш мамлекет экенин дагы бир ирет далилдеди.

Алгачкы күндөрү аба майданы ачык бойдон турду.

Каржылык жардам жана ооруну аныктоочу тест каражаттарын алып жатабыз.

Коңшу Кытай Эл Республикасы жигердүү колдоосун көрсөтүүдө.

Боордош Өзбекстан жана Казакстан тарабынан бизге олуттуу кол кабыш болду.

Түркия, Япония жана Корея мамлекеттери өздөрүнүн жардамын беришти. Баардык өнөктөштөрүбүзгө терең ыраазылык билдиребиз.

Урматтуу мекендештерим,

Азыр бизден жарандык жогорку жоопкерчилик, катуу тартипти сактоо талап кылынат.

Тобокелдикке барсак, ден-соолукка гана эмес, адам өмүрүнө коркунуч жаралаарын, дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүп жатат.

Мамлекетибиздин, балдарыбыздын келечеги үчүн бекем биримдигибизди көрсөтөлү.

Ар бир мекендешибиздин ден-соолугу жана өмүрү баарынан жогору экенин дагы бир ирет кайталайм.

Бүгүн экономикалык жоготууларга карабай адам өмүрүн сактап калуу милдети турат.

Ушул кезге чейин тартипти сактап, өзгөчө абалды туура түшүнгөн кеменгер элибизге ыраазылыгымды билдирем.

Илдетке каршы иш-аракеттердин алдыңкы сабындагы биздин каарман дарыгерлерибизге таазим этебиз.

Күнү-түнү тартипти көзөмөлдөп, коомдун сакчылыгында турган милиция, чек ара жана аскер кызматкерлерине рахмат айтабыз.

Элге жардам берип жаткан ыктыярчыларыбызга, ишкерлерибизге, кайдыгер эмес мекендештерибизге ыраазылык билдиребиз.

Илдетке кабылган мекендештеримдин тезирээк сакайып кетишин тилейм.

Ушул илдет чыккандан бери чет өлкөлөрдө иштеп жүрүп, үйгө кайтып келүүнү каалаган ар бир боордошубуздун абалын түшүнүп турам.

Чек аралар жабылганча чейин 6 миңден ашык мекендешибизди Кыргызстанга алып келдик.

Азыр чек аралар жабык.

Башка өлкөлөр сыяктуу эле, биз дагы, эң биринчи мүмкүнүчүлүк пайда болору менен алардын маселесин чечүүгө киришебиз.

Урматтуу мекендештерим,

Сабырдуулукту сактап, кырдаалды туура түшүнүп, жасалып жаткан иштерди колдойсуңар деп ишенебиз.

Бирге болсок, ынтымакта болсок, бири-бирибизди колдосок азыркы кыйын күндөрдөн тезирээк чыгабыз.

Биримдикте мындай сыноонун эченин жеңген элбиз.

Буйруса, Кудайдын колдоосу менен, элибиздин ынтымагы менен, чогуу аракетибиз менен бул илдетти да жеңебиз.

Кудайым Өзү сактап, элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!

Сүйүктүү Кыргызстаныбызды Жараткан колдосун!»

Пикир

Оставить комментарий