• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент Жээнбеков Экотехинспекциядагы санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 12.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июнда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын (ЭТКМИ) директору Мырзабек Жыпаркуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөл тутумун өркүндөтүү, ведомствонун ишмердигин санариптештирүү боюнча чаралар талкууланды.

ЭТКМИ директору Мырзабек Жыпаркулов бүгүнкү күндө субъектилерди текшерүүдө инспекция кызматкерлеринин коррупциялык тобокелдиктери менен байланыштарын азайтуу максатында ведомствонун ишмердигин автоматташтыруу боюнча жигердүү иштер жүрүп жатканын маалымдады.

Ишкердик менен өз ара аракеттешүү боюнча бизнес процесстерди кароо жүрүп жатат. Адам факторун жана ишкерлер менен текшерүүчүлөрдүн түздөн–түз байланышын жоюу максатында көзөмөлдөөнүн айрым түрлөрү санарип форматта аралыктан иштөөгө которулат.

Бул үчүн ЭТКМИнин бардык маалыматтар базасы автоматташтырылат жана «Түндүк» тутумуна кошулат.

ЭТКМИ ишмердигинин ачык-айкындыгын жогорулатуу максатында техникалык эреже бузууларды каттоонун автоматташтырылган маалыматтык тутуму иштелип чыккан. Көзөмөлдүн бардык кыймыл-аракеттери онлайн режиминде жаздырылат жана коомчулукка жеткиликтүү болот.

Мындан сырткары, бүгүнкү күндө ведомствонун жаңы сайты иштелип чыгып жатат. Аны менен реалдуу убакытта тигил же бул объектинин курулушунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүгө болот.

Муну менен катар мыйзамсыз курулуп жаткан объектилердин реестри иштелип чыгууда, тигил же бул маселе боюнча жалпы өлкө жарандары кайрыла ала турган бирдиктүү колл-борбор ишке киргизилүүдө, экологиялык жана техникалык ченемдерди бузгандарга айыппул салуунун электрондук тутумун киргизүү мерчемделүүдө.

Ошондой эле Мырзабек Жыпаркулов курулуп жаткан объектилер, суу транспорттору, суу транспортторунун токтотмо жайларынын базалары, кооптуу өндүрүш объектилери, кооптуу өндүрүш объектилеринин техникалык түзүлүштөрүнүн электрондук реестрлерин түзүү боюнча этап-этабы менен иштер аткарылып жатканын белгиледи.

Ал ишкердик субъектилери менен өз ара аракеттешүү бара-бара толугу менен санарип форматка өткөрүлөрүн баса белгиледи.

ЭТКМИ директору санариптештирүү келечекте мекеменин архитектура жана курулуш, энергетика, өрт, экология, өнөр жай, транспорттук ж. б. коопсуздукту көзөмөлдөөнүн бардык тармактарында этап менен киргизилерин кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков объектилерди курууда жана өнөр жай ишканаларында талаптарды бузуулар бат-баттан байкалып жатканын белгиледи. Экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-милдеттерди аткарууда коррупциялык көрүнүштөр орун алып, анын аркасында негиздүү сындар айтылып жатат.

Буга байланыштуу экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ишмердикти санариптештирүү өзгөчө маанилүү экенин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ишкердик субъектилери менен конструктивдүү кызматташууну жолго коюу зарылдыгын белгиледи жана бизнес менен иштөө принциптерин кескин түрдө кайра карап чыгуу зарылдыгына көңүл бурду.

«Биз жазалоо чараларынан кайтышыбыз керек жана экономикалык субъектилердин ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтүп, түрткү беришибиз зарыл», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий