• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Экотехинспекцияны эң коррупциялашкан орган деп атады

Коом 0

Бишкек, 30.01.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өтүп жаткан Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекеттик органдардын ишине нааразычылыгын билдирди.

Биринчи кезекте Жээнбеков өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин ишин сынга алды.

"Силердин ишиңерди мен "минус үч" деген баага баалайм. Бирок бүгүнкү кагаз докладыңарды угуп, "нөл" деген баага татыктуу экендигиңерди түшүндүм", – деди президент ведомствонун башчысы Эмил Осмонбетовго кайрылып.

Президенттин пикиринде, орган толугу менен коррупцияга малынып, анын ишмердүүлүгүн текшериш керек.

Андан кийин Жээнбеков көңүлүн Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга буруп, аны республикадагы эң коррупциялашкан орган деп атады.

"Силер өзүңөрдө иштегендер үчүн гана схемаларды түзөсүңөр. 1600 текшерүү жүргүзүп, бир дагы жыйынтыкка жетишкен жоксуңар. Бул эмне жөнүндө кабар бериши мүмкүн?", - деди президент.

Коопсуздук кеңешинин отуруму президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.

Күн тартибинде «Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» маселе.

Пикир

Оставить комментарий