• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Эл аралык валюталык фонддун директорунун орун басары – тескөөчүсү Тао Жангды кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 11.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-майда Эл аралык валюталык фонддун (ЭВФ) директорунун орун басары – тескөөчүсү Тао Жангды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы ЭВФтин делегациясы өлкөнүн улуттук валютасынын 25 жылдыгына арналган эл аралык конференцияга катышып жаткандыгын канааттануу менен белгиледи.

«Биз ЭВФ менен болгон кызматташтыкты жогору баалайбыз жана реформаларды ишке ашырууда, экономиканы өнүктүрүүдө Кыргызстанды ар дайым колдогонуна ыраазычылык билдиребиз. Биз ЭВФ менен бекем жана өз ара пайдалуу өнөктөш мамилелерди бекемдөөгө кызыкдарбыз», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Эл аралык валюта фондунун директорунун орун басары Тао Жанг Сооронбай Жээнбековду Кыргызстандын Президентинин кызматына шайланышы менен куттуктап, жооптуу ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Ал ЭВФ Кыргызстанды өзүнүн стратегиялык өнөктөшү деп эсептээрин жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты ийгиликтүү улантуу ниетин билдирди. «Ушундан улам мен Кыргызстанга өзүм келип, Сизди улуттук валютанын 25 жылдыгы менен куттуктап жатам», - деп белгиледи Тао Жанг.

Мамлекет башчысы Эдвард Джемайэлге ЭВФ миссиясынын Кыргызстандагы башчысы катары программаларды ишке ашыруудагы жеке салымы, Кыргызстан менен ЭВФтин эки тараптуу мамилелерин өнүктүргөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал миссиянын жаңы башчысы Кристиан Жоско ийгиликтерди каалап, жемиштүү жана ийгиликтүү кызматташууга ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий