• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков: Эл менен бийликтин ажырымына жол бербөө — баарынан бийик

Президент 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. «Эл менен бийликтин ажырымына жол бербөө, коомдогу биримдикти сактоо, улуттар аралык ынтымакты, өлкөдөгү тынчтыкты коргоо — баарынан бийик», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзүнүн текстин толугу менен келтиребиз:

«Урматтуу депутаттар!

Өкмөттүн жаӊы мүчөлөрү өздөрүнүн антын беришти, аларды бүгүнкү маанилүү окуя менен куттуктайм.

Ант берүү — мааниси бийик сөздөрдү жөн гана окуп коюу эмес, бул — элдин, мыйзамдын, абийирдин алдында өзүнө жоопкерчиликти алуу.

Берген антын тутпаган, анын жоопкерчилигин түшүнбөгөн адамдардын тагдыры кандай болгонун өзүңүздөр билесиздер.

Ак, таза кызмат кылып бергиле.

Дайыма антыӊарга бекем туруп иштеп бергиле! Сиздердин ишиңиздерге ийгилик каалайм!

Урматтуу мекендештерим!

Урматтуу депутаттар!

Учурдан пайдаланып, айрым актуалдуу маселелерге токтоло кетейин.

Кадырман журтумдун колдоосу менен, мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги менен бирдикте, чогуу иштеп жатканыбызга эки жылдан ашты.

Аймактарды өнүктүрүү, коррупция менен күрөшүү, өлкөнү санариптештирүү, социалдык тармакты колдоо, калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системасын оңдоо жана мамлекетибиздин улуттук кызыкчылыктарына жооп берген тышкы саясатты жүргүзүүнү убада кылгам.

Президенттикке талапкер катары элиме берген мына ушул жана башка убадаларымды бузган жокмун, алар ырааты менен аткарылууда.

Эл менен болгон жолугушууларда жогоруда аталган багыттар боюнча жетишкендиктерге жана кемчиликтерге кеңири токтолуп, айтып жатам.

Массалык маалымат каражаттары да аларды чагылдырууда.

Жетишерлик маалыматыңар бар деп ойлойм.

Ошентсе да учкай токтоло кетейин.

Коомубуздагы тынчтыкты, улуттар арасындагы ынтымакты сактоо үчүн болгон күч-аракетти жумшап жатабыз.

Бул аяр чөйрөгө абдан кылдаттык менен мамиле кылып, мамлекеттик саясаттын эң артыкчылыктуу багыты катары кармап келебиз.

Көзгө көрүнбөгөн, бирок көп убакытты жана ресурсту талап кылган бул иш — көп улуттуу мамлекетибиздин келечеги үчүн зарыл экенин билесиздер.

Кудайга шүгүр, мекендештеримдин колдоосу менен, ынтымак жана тынчтыктын негизинде ири реформаларды жүргүзүп жатабыз.

Элет жеринде ишкердикти өнүктүрүп, жумуш орундарын түзүү үчүн салык жагынан абдан чоң жеңилдиктерди бердик.

Каржы агымдарын аймактарга бурдук.

Өзүңөр күбө болуп жаткандай, мамлекеттик каржы институттардын каражаттарын элеттеги ишкерлердин демилгесин колдоого багыттадык.

Акыркы эки жылда жергиликтүү бюджеттерди чыңдоо үчүн кошумча каражаттар бөлүндү.

Бул саясатыбыз туура экендигине баарыбыз ынанып жатабыз — бүгүн аймактарда мамлекеттик да, жергиликтүү да демилгелер күчөп, алгачкы жыйынтыктар көрүнө баштады.

Эл дайыма акыйкаттыкты талап кылат. Акыйкат сот системасына жетишүү максатында сот реформасы жүрүп жатат.

Тергөөнүн жана сот процессинин ачык–айкындыгына багытталган Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри иштей баштады.

Санариптик инфраструктура, аудио-видео байкоо жана протоколдоштуруу киргизилип жатат.

Эски репрессивдик мыйзамдардан кетип жатабыз.

Максатыбыз — олуттуу эмес мыйзам бузууларды жасаган жарандарды, өзгөчө жаш өспүрүм балдарды криминалдык чөйрөнүн түз таасиринен сактап калуу, кириптер кылбоо.

Ошону менен катар, судьялык кызмат орундарга талапкерлерди тандоо сапатын жогорулатуу талабы коюлууда. Мыйзам бузган бир нече судьялар кызмат орундарынан бошотулду.

Реформаны баштаар алдында 2018-жылы мен сот корпусуна кайрылгам. Реформанын ийгилигин камсыз кылуу үчүн эмне керек деген суроомо — саясий эрк жана акча каражаты деп жооп беришкен.

Менде саясий эрк бар.

2019-жылы көптөгөн тоскоолдуктарга карабастан, сот реформасын баштадык.

Акча каражаты да бюджеттен жетишерлик денгээлде бөлүнүүдө. Бирок, эки жылдык турмуш көрсөткөндөй, каржылоо, санариптен тышкары — абийир соту орномоюн, сот системасы тазаланбайт.

Соттордун адамдык абийири, ички ыйманы ойгонбосо, сот реформасы ийгиликке жетишпейт. Ансыз канча каражат жумшабайлы, ийгиликке жетпейт.

Эрк бар, каражат бар.

Сот реформасын техникалык, каржылык жактан жетиштүү деңгээлде жүргүзүп жатабыз. Анын ийгилиги соттордун өзүнө көз каранды. Алардын абийир сотуна көз каранды.

Коррупцияга каршы күрөштү улантып жатабыз.

Кол тийбес, туруктуу иштеген коррупциялык схемаларды түзүшкөн айрым жогорку чиновниктерге, пара алуучуларга каршы ачык күрөш жүрүүдө.

Бул иш мындан ары да уланат, күчөйт.

Анын жүрүшү Коопсуздук кеңештин үч жыйналышында каралды.

Сиздерде толук маалымат бар.

Албетте, коррупционерлерди камоо жолу менен гана корупцияны жоё албайбыз.

Коррупцияны алдын алуу максатында өлкөнү туташ санариптештирүү, экономикалык кылмыштарды декриминалдаштыруу жолдорун колго алып жатабыз.

Санариптештирүү саясатынын жыйынтыгы катары, учурда жарандарыбызга 191 мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана сервис электрондук форматта жеткиликтүү болду.

Негизги максат — мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө жарандарыбызга ыңгайлуулук жаратуу жана адам факторун жокко чыгаруу.

Калктын аяр катмарына мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө бардык багыттар боюнча санариптештирүү иши уланууда.

Натыйжада, жөлөкпулдарды төлөөдө ашыкча бюрократия жокко чыгарылып, социалдык жардамды төлөөгө дарексиз жолдонуп жаткан бюджеттик каражаттар үнөмдөлүүдө.

Санарип — саламаттык сактоо тарамагына да кирүүдө.

Бул маселе жакында Коопсуздук кеңешинде каралат.

Укук коргоо органдары бардык региондордо „Бирдиктүү терезе“ борборлору аркылуу элге кызмат көрсөтүүдө.

»Бирдиктүү терезе« принциби калкка кызмат көрсөткөн баардык мамлекеттик органдардын ишине киргизилет.

Санариптештирүү — бул дүйнө жүзү алдыңкы технологияларды киргизип, умтулуп жаткан нерсе. Биз кыйла кечигип калдык, бирок баардык тармактарга киргизебиз. Коррупцияны ушул жол менен — адам факторун жокко чыгаруу менен гана кыскарта алабыз. Санариптештирүү — менин көзөмөлүмдөгү эң приоритеттүү тармак.

Сиздер билгендей, электрондук башкарууну тездетүү максатында 2016-жылы Маалымат технологиялары жана байланыш Мамлекеттик комитети түзүлгөн. Бул комитет „Түндүк“ системасын пилоттук негизде 2016-жылы баштаган.

Тилекке каршы, Комитет иши бир аз солгундап, азыр кайрадан жолго коюлду. Кудайга шүгүр, бүгүнкү күндө бул система ийгиликтүү иштөөдө. 2019-жылы Эстонияда өткөн электрондук башкаруу тууралуу конференцияда 130 өлкөнүн ичинен Кыргызстан „Түндүк“ системасын ийгиликтүү ишке киргизгендиги үчүн сыйлыкка татыктуу болгон. Бул сыйлык жылына бир гана өлкөгө ыйгарылат экен. Бул санариптештирүү багытыбыз туура жолдо экендигин далилдейт.

„Коопсуз шаар“ долбоорун ишке киргизүү менен, видео байкоо системалары орнотулган жерлерде жол кырсыктарынын саны дээрлик 50 пайызга азайды.

Республика боюнча, дагы кошумча үч жүздөн ашык видео байкоо аппараттык комплекстери орнотулат.

»Коопсуз шаар« долбоору менен катар Бишкекте жаңы түзүлгөн милициянын Кайгуул кызматынын иши башталды.

Жылдын аягына чейин Кайгуул кызматы бардык аймактар боюнча жайылтылат.

Социалдык тармакта эмгектенгендерди мамлекет тарабынан колдоо иши уланат.

Үй-бүлөлүк врачтардын айлыгы орто эсеп менен 30 пайызга чейин жогорулады.

Мугалимдердин эмгек акысы 30 пайызга көбөйдү.

Учурда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо үчүн социалдык жөлөкпулдун өлчөмү 3000 сомдон 4000 сомго чейин көтөрүлдү.

Бул балдарды баккан ата-энелерге 2019-жылдан тартып, айлык төлөнө баштады.

Гемодиализди бекер алуу үчүн акыркы эки жылда 1 млрд 600 млн сом бөлүндү.

Кенже тейлөөчү кызматкерлердин айлыгы орто эсеп менен эки эсеге жогорулады.

»Улуттук« статусу бар маданият мекеме кызматкерлеринин маянасы 80 пайызга көбөйтүлдү.

Катардагы милиция кызматкерлеринин эмгек акысы — кеминде 40 пайызга көтөрүлдү.

Контракт негизинде кызмат кылган аскер кызматкерлеринин айлык маяналары 30 пайызга жогорулады.

Армиябыз жаӊы турак үйлөр, социалдык объекттер, заставалар жана техника менен камсыз болуп жатат.

Айлыктарды көбөйтүү үчүн бюджеттен жалпы суммасы 14 млрд сомго жакын каражат жумшалды. Мындай болгон эмес. Экономикалык кырдаалды эске алганда, бул баса белгилеп кетчү жагдай. Айлыктарды көтөрүү иши уланат. Экономиканы өнүктүрүү менен да, санариптештирүүнү алкагында көмүскөдөгү каражаттарды ачыкка чыгаруу менен да, бюджеттин кирешелерин көбөйтөбүз. Бюджет аркылуу каржыланчу эмгек акыларды дагы көбөйтөбүз.

»Арзан турак жай« программасынын алкагында төрт жарым миңден ашык үй-бүлө турак жай менен камсыз болду. Аларга 5 млрд. сомдук ипотекалык кредит берилди.

Сиздер билгендей, мамлекеттик ипотека 2016-жылы 14 пайыздык ставка менен бериле баштаган. Кийинчирээк 8-10 пайызга, ал эми былтыр 6 пайызга чейин төмөндөдү.

Эми бюджет тармагында иштеген жарандарыбыз гана эмес, ким турак жайга муктаж болсо, мамлекеттик ипотека алууга кайрыла алат.

Калкыбызды таза суу менен камсыз кылууга өзгөчө мамиле кылып — артыкчылыктуу багыт катары аныктаганбыз.

Акыркы жылдары 107 айыл таза суу менен камсыз болду.

2024-жылга чейин 715 айылда курулуш иштерин бүтүрүп, таза суу инфраструктурасын жаңыртабыз.

Жалпылап айтканда, жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары, таза суу менен камсыз болот.

Бүгүнкү күнү эл-аралык финансылык институттардын каржылоосу аркылуу 588 айылга тизме түзүлүп, баардыгы болуп 33 млрд. сомдук финансылык булактар аныкталды.

Инвесторлор менен каржы тартуу багытында сүйлөшүүлөр уланат.

Негизинен гранттык элементтери менен, узак мөөнөттүү кредит тартып жатабыз.

Бюджеттен да каражат каралууда.

Таза суу — бул калкыбыздын ден соолугу, улуттун саламаттыгы. Таза суу болбосо, өнүгүү болбойт.

Ирригация программасын ишке ашырууга өзгөчө маани берип жатабыз.

Бул бекеринен эмес.

Анткени бул маселе өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна түздөн-түз таасир тийгизет.

Ирригация деген — бул жумушчу орундар, жаңы сугат жерлер.

Бул миграцияны токтотуу, аймактарды өнүктүрүү, жаңы конуштардын пайда болушу.

Бул — амбициялуу максатыбыз.

Аны аткарууга баардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшап жатабыз. Анткени, бул программа — жаңы муундун келечегине багытталган улуттук долбоор.

Урматтуу мекендештерим,

Өлкөнүн экспорттук потенциалын колдоого өзгөчө көңүл буруудабыз.

Ата мекендик продукцияларды экспорттоо үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында 19 ветеринардык жана 4 фито-санитардык лаборатория ишке киргизилди.

Акыркы 2 жылда ветеринардык контролго тийиш болгон товарларды өндүрүү, сактоо жана экспорттоо боюнча ЕврАзЭСтин бирдиктүү реестрине кирген кыргыз ишканаларынын саны 114кө жетти.

2018-жылга салыштырмалуу 47 ишканага көбөйдү.

2019-жылы Кыргыз Республикасынын ветеринардык көзөмөл системасы башка ЕврАзЭС өлкөлөрү тарабынан эквиваленттүү деп таанылды.

2007-жылдан бери Россияга бизден эттин киришине тыюу салынган, ал алынып салынды. Эми биздин өндүрүүчүлөр мал чарба продукциясын Россияга, ЕврАзЭСке эркин чыгара алышат.

Экспортту өнүктүрүү боюнча атайын программа кабыл алынган.

Былтыр айыл чарба продукцияларын экспорттоонун көлөмү 24,5 пайызга өстү.

Жергиликтүү ишкерлерди колдоонун натыйжасында экспорттун географиясы да кеңейүүдө.

Мисалы, биздин ишкерлер Кытай, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы, Катар, Япония ж. б. мамлекеттерге продукция чыгара башташты.

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзинпин мырза визит менен келгенде биздин айыл чарба продукцияын, сүт, эт азыгын Кытай рыногуна чыгаруу тууралуу талкуулаганбыз.

Кытай биз үчүн чоң рынок. Бул багытта ишти улантабыз.

Кызматташуунун алкагында Кытайга жылкы, бал жана кургак сүт экспорттоо мүмкүнүчүлүгү ачылды. Кытай Эл Республикасынын бирдиктүү реестрине кыргызстандык 13 сүт өндүрүүчү жана 4 бал өндүрүүчү ишкана киргизилди.

Энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу уланууда.

Токтогул ГЭСин реконструкция иштери жүргүзүлүүдө.

Учурда Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга киргизүү, Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо боюнча иштер уланууда.

Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскадынын курулушуна инвестор каралууда.

Жакында CASA–1000 электр чубалгысын тартуу иштери башталат.

Бул долбоор электр энергияны экспорттоо мүмкүнчүлүгүбүздү арттырат.

Энергосектордогу жоготууларды азайтууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Бул чөйрөдөгү негизги максатыбыз — каржы агымдарынын ачыктыгын камсыздоо.

Стратегиялык мааниси бар жолдорду куруу улантылып жатат.

Транзиттик потенциалы жогору болгон жолдорду курууга жана оңдоого артыкчылыктуу маани беребиз.

2019-жылдын жыйынтыгы менен республика боюнча 335 км жолго асфальт төшөлдү.

Ички жолдордун абалы начар экенин билесиздер.

Былтыртан бери ар бир райондо, шаарда 3 километрден кем эмес жолдорго асфальт төшөө иштери болууда.

2019-жылы 40 район борбору жана 8 шаарда 141 км жолго асфальт төшөлдү.

Быйыл район борборлорунда 150 км жолго асфальт төшөө пландалууда.

Ички жолдорду оңдоо токтобойт, жыл сайын улантылат.

Ички жолдорго өзгөчө токтолуп жатканымдын себеби, мен аймактарды кыдырганда, элдин негизги арыздануусу ушул жолдордун начар абалы. Баарыбыз билебиз, элеттеги ички жолдор жокко эсе, талкаланган. Ошондуктан, жыл сайын 3 километрден оңдой берсек, жакынкы жылдары ички жолдордун абалын жакшырта алабыз.

Урматтуу депутаттар!

Жогоруда аталган өлкө ичиндеги иштер менен катар, тышкы саясат көңүл борборунда болду.

Улуттук кызыкчылыктарыбызга жооп берген тышкы саясатыбызда олуттуу натыйжаларга жетиштик.

Бир катар мамлекеттер менен саясий диалогду жакшырта алдык.

Биздин өнөктөштөр — Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Кытай, Индия, Түркия жана башка мамлекет башчыларынын деңгээлинде жемиштүү визит алмашуулар болду.

Бул жылда Европа Биримдиги менен кеңейтилген кызматташуу боюнча келишимге кол коёбуз.

АКШ менен өнөктөштүк келишими боюнча иш жигердүү жүрүп жатат.

Азия жана Араб мамлекеттери менен кызматташтык өнүгүүдө.

Япония менен алака бекемделет.

Иран менен кызматташтык уланууда.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунда, Шанхай Кызматташтык уюмунда, Түрк кеңешинде Кыргызстан төрагалыгын ийгиликтүү өткөрдү.

Тарыхта биринчи жолу ЮНЕСКОнун аткаруучу комитетине толук кандуу мүчө болуп шайландык.

Мамлекеттик кызыкчылыкка басым жасаган Кыргызстандын тышкы саясатынын жаңы концепциясын кабыл алдык.

Акыркы 12 жылда биринчи жолу Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчилери менен кеңешме өткөрдүм.

Элчилерибизге конкреттүү тапшырмалар берилди.

Анын ичинде чет өлкөлөрдөгү жарандарыбыздын укуктарын коргоо, аларга жардам берип, шарт түзүү тапшырылды.

Экономикалык, экологиялык дипломатияны өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалды.

Тапшырмалардын аткарылышын алардын 4 жылдык мөөнөтү бүткүчө күтүп отурбайбыз. Жыл сайын отчет беришет, ошого жараша тийиштүү чечимдерди кабыл алабыз.

2020-жыл союздашыбыз жана стратегиялык өнөктөшүбүз Россия менен эриш-аркак мамилелердин жылы деп жарыяланды.

Башка бир катар иш-чаралар менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын биргеликте белгилейбиз.

Жеңиштин 75 жылдыгы Кыргызстанда жалпы элибиз тарабынан эң жогорку деңгээлде майрамдалат.

Биз ата-бабаларыбыздын баатырдыгын жана каармандыгын эстен чыгарбайбыз.

Тарыхты кайра жазуу аракеттерине каршы чечкиндүү күрөшөбүз.

Биздин келечегибиз үчүн жанын кыйып, өз өмүрүн арнаган аталарыбыздын элесине терең урмат менен таазим этип, дайыма эскерүүгө милдеттүүбүз.

Урматтуу депутаттар!

Быйыл парламенттик шайлоо жылы.

Алдыдагы саясий процесске карата көптөгөн саясий өнөкөттөр козголот.

Партиялардын саясат менен алпурушуусу күчөйт.

Бул иш парламенттеги фракциялардын да саясатка алагды болуусун шарттайт.

Мындай учурда элди алаксыткан популисттик кадамдар көбөйөт.

Мыйзам чыгаруу иши солгундайт.

Ошондуктан сиздерге кайрылаарым, азыр парламенттин кароосунда өлкөнүн экономикасы үчүн, мамлекеттин, элдин турмушуна зарыл болгон кечиктирилгис мыйзам долбоорлору бар.

Бул мыйзамдарды кечиктирбей кабыл алуу керектигин эсиңерге салам.

Анткени, кийинки парламент келип, ишин баштаганча, өлкөдөгү реформаларга зарыл мыйзамдар күчүнө кириши керек.

Мен мыйзам базасына болгон анализ менен тааныштым.

Албетте, быйыл биринчи кезекте, балдарды колдоо саясаты көңүл борборунда болот.

Балдарга жөлөкпулду чектөөнүн жаңы тартибин аныктаган, аярлуу үй-бүлөлөрдү колдогон, коррупциялык тобокелдиктерди азайткан, санарип технологиялары терең колдонулган нормаларды камтыган мыйзам долбоору жакында Жогорку Кеңешке киргизилет.

Балдарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо, мындай иштердин алдын алуу, кароосуз калган балдардын ар бирине камкордук көрүү боюнча жергиликтүү жана мамлекеттик органдардын милдеттерин күчөткөн мыйзамдарды кабыл алуу абзел.

Бул мыйзамдарды быйыл, балдарды колдоо жылында ишке киргизүү — абдан маанилүү.

Элдин тынч жашоосун камсыздоо, коомдун коопсуздугун чыңдоо, тартипти күчөтүү, кылмыштуулукту ооздуктоо максаты менен укук коргоо, прокуратура органдары тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөр парламентке киргизилет.

Соттук-укуктук реформанын алкагында күчүнө кирген кодекстер менен мыйзамдарга карата жаңы өзгөртүүлөр парламенттин кароосунда турат.

Антикоррупциялык чараларды күчөтүү максатында жакында сиздердин карооңуздарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын декларациялары жөнүндө мыйзам долбоору да киргизилет.

Инвесторлордун жана ишкерлердин укуктарын коргоо максатында түзүлгөн Бизнес-Омбудсмен институту толук кандуу иштөө үчүн тийиштүү мыйзамга муктаж.

Таза суу менен камсыз кылуу жана ирригация программаларын ишке ашырууга багытталган бир нече мыйзам долбоорлору, ратификациядан өткөрүүнү талап кылган долбоорлор бар.

Стратегиялык жолдорду реконструкциялоо боюнча макулдашууларды ратификациялап, ири инфраструктуралык долбоорлор да тездетүүнү талап кылат.

Салык процедураларын фискалдаштырууга багытталган — товарларды маркировкалоо жана аларга байкоо жүргүзүү боюнча мыйзамдар да кечиктирилбеши керек.

Ошондой эле ЕврАзЭС өлкөлөрүнөн кирип жаткан, эсепке алынбаган күйүүчү жана майлоочу заттарды кечиктирбей ачыкка чыгаруу зарыл.

Буга тиешелүү акциздик салыкты киргизүү боюнча мыйзам долбоору бар.

Урматтуу депутаттар!

Шайлоону адилет өткөрүү, бардык партияларга бирдей шарт түзүү, партияларда ички демократияны калыптандыруу жөнүндөгү маселелер кызуу талкууланып, коомчулукта ар кандай көз караштар айтылып жатат.

Шайлоо эрежелеринин алдын ала белгилүү жана туруктуу болуусуна жетишүү максатын койгонбуз.

Эрежелер шайлоого бир жыл калганда бекемделип, кийин өзгөртүүлөр киргизилбеши керек деген пикиримди билдиргем.

Айткан сөзүбүзгө биз турдук.

Бул маанилүү саясий процесске укук жагынан жакшы даярдык менен келдик.

Шайлоо мыйзамдарына эмне толуктоо, өзгөртүүлөр талап кылынса, баардыгы киргизилип, бекемделди.

Шайлоо адилеттигин — добуш берүү жана аларды саноо учурунда гана эмес, шайлоонун бардык этаптарында камсыз кылууга умтулдук.

Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо, референдум жөнүндөгү конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөр кирди.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү кабыл алып бердиңиздер.

Парламентаризмди өнүктүрүүгө түздөн-түз таасир эткен мыйзамдарды кабыл алуу менен — өлкөбүздүн келечегине чоң салым коштуңуздар.

Жаштардын, улуттардын, аялдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын квоталары боюнча жакшы мыйзам нормалары бар.

Ошондой эле, айылдык кеңештин депутаттарынын шайлоодо — аялдар үчүн 30 пайыздык мандаттардын резерви жөнүндө жобону камтыган мыйзам 2019-жылы кабыл алынды.

Урматтуу депутаттар, жогоруда белгиленген мыйзамдар менен катар шайлоо адилеттигин камсыз кылууга багытталган, сиздердин карооңуздарга дагы эки мыйзам киргизилген.

Шайлоо мыйзамдарын бузууларды алдын алуу, мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик механизмдерин киргизүү жана административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюу боюнча мыйзам долбоору бар.

Ал өткөн жылдын 30-августунда Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген.

Бул мыйзамды кечиктирбей кабыл алуу — келерки шайлоо өнөктүгүнүн адилеттигин жана сапатын жакшыртууга чоң салым кошот.

Дагы бир демилге — „Саясий партиялар жөнүндө“ мыйзамдын долбоору беш айдан бери парламенттин кароосунда турат.

Сунушталган долбоор — саясий партиялардын ролун мындан ары бекемдөө жана коом алдында партиялардын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындыгына жетишүү максатында иштелип чыккан.

Бул мыйзам Кыргызстанда парламенттик демократияны өнүктүрүүгө олуттуу түрткү берет.

Эки мыйзам тең абдан маанилүү.

Урматтуу мекендештерим!

Буга чейин да ар кандай аянтчаларда айтып келгем.

Дагы бир жолу баса белгилейм.

Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн жарандык коом ачык, массалык маалымат каражаттары эркин, парламент күчтүү болушу абзел.

Бул демократиялык коомдогу негизги баалуулуктар.

Аны менен катар партиялык системаны өнүктүрүү чоң мааниге ээ.

Партиялык система — партияларды ирилештирет, регионализмди жоготот, программаларды, идеяларды бириктирет.

Партиялардын социалдык базасын кеңейтет — ар кайсы кесиптеги, коомдун ар кандай катмарындагы адамдардын биригүүсүн шарттайт.

Парламенттин сапаттык курамына партиялар жоопкер.

Ал партиялардын түзгөн тизмесинен көз каранды.

Бул маселени бир гана лидер чечпей, партиялык демократия болушу абзел.

Партиянын жетекчиси гана депутаттык мандаттардын тагдырын чечкен партиялык „вождизм“ болбош керек.

Партиялардагы ички демократияны орнотууга катуу көңүл буруу зарыл.

Урматтуу мекендештерим!

Жогоруда айткандай, биз мыйзам базасы, шайлоо эрежелери күн мурунтан аныкталсын деген сөзүбүзгө турдук.

Укуктук база түзүлдү. Биз айткан убадабызды аткардык.

Азыркы учурда бир гана жагдай жөнүндө — пайыздык чек тууралуу талкууларга чекит коюла элек.

Бул маселе боюнча менин пикиримди билүүгө ынтызар болгон мекендештерим, айрым депутаттар, мага түз да, маалымат каражаттары аркылуу да кайрылышты.

Тогуз пайыз деген чекти мына ушул жерде отурган депутаттар, көпчүлүгүңөр колдоп, мыйзам кабыл алынган эле.

Бул норма шайлоого катыша турган саясий күчтөр тарабынан кызуу талкууга алынып, азыр өзгөртүүнү талап кылууда.

Дээрлик жарым жылга жакын созулуп келаткан талкууга мен да көңүл буруп келатам.

Азыр 9 пайыз, 7 пайыз, 5 пайыз, жада калса 3 пайыз деген да пикирлер айтылууда.

Тогуз пайызды демилгелеп, аны колдогондордун оюн эске алсак, негизги аргумент — партияларды ирилештирүү максаты болгон.

Ооба, бул зарылдык, муктаждык. Бирок, буга саясий күчтөр даярбы?

Коомчулуктагы талкуу көрсөткөндөй, саясий күчтөр, партиялар, партия лидерлери буга даяр эмес.

7 пайыз — бул биз басып өткөн, сыноодон өткөн жол.

5 жана 3 пайызды айткандар, „жаштарга мүмкүнчүлүк берели“ деген элдин кулагына жага турган аргументтерди айтууда.

Бирок, чынында, жаштарды бетке кармап алып, бул жерде деле өз камылгасын көргөн жагдайлар болуп жатат десек жаңылышпайбыз.

Азыр пайыздык босого боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат.

Депутаттар терең талкуудан өткөрүп, жети өлчөп, бир кесет деп ойлойм.

Мен бардык партияларга карата бирдей мамиледе болом.

Өзүнүн аты айтып тургандай, партия деген — жалпы коомдун бир гана бөлүгү.

Мен кайсы бир партияга эмес, жалпы элге кызмат кылуу үчүн шайланып келгем.

Жалпы элге кызмат кылуудамын.

Шайлоодо жеңип келген партиялардын кимиси болбосун, мамлекеттин кызыкчылыгында чогуу иштегенге даярмын.

Урматтуу мекендештерим!

Өз таасирин сактап калууга аракет кылгандар тарабынан менин иш-аракеттериме көрүнөө да, көмүскө да тоскоолдуктар болгонун билесиздер.

Коррупциянын туу башында тургандар, реформаларга каршы болгондор — ачык эле чабуулга чыгышканы белгилүү.

Элибиз гана эмес, эл аралык коомчулук дагы „Кыргызстанда эмне болуп кетет“ деген кооптонуу менен өлкөбүзгө назар салып турду.

Кудайга шүгүр, сабырдуулукту сактап, чагымчылдыкка, провокацияга алдырган жокпуз.

Элибиздин колдоосу менен коомдогу тынчтык сакталып, жарандардын тынч жашоо ыргагы бузулган жок.

Эл менен бийликтин ажырымына жол бербөөнү, коомдогу биримдикти сактоону, улуттар аралык ынтымакты, өлкөдөгү тынчтыкты коргоону — баарынан бийик кармадык.

Бул баалуулуктарды бекем сактоо керектигин Аксы окуяларынын, Март жана Апрель революцияларынын сабактары айтып турат.

Шейит кеткен баатырлардын элеси ар кандай саясий максаттарга караганда — коомдун тынчтыгы, өлкөнүн келечеги алда канча бийик тураарын эстетип турат.

Быйыл Апрель революциясынын 10 жылдыгын өткөрөбүз.

Каргашалуу Июнь окуяларына да 10 жыл болот.

Бул трагедиядан терең сабак алып, журттун биримдиги, улуттардын ынтымагы деген — жөн эле сөз эмес, адамдардын өмүрү, ден-соолугу, жаштардын келечеги экенин көкүрөктө бекем сактап, анан гана саясатты, башка иштерди ойлонолу.

Урматтуу мекендештерим, урматтуу депутаттар!

Шайлоо жакындаган сайын саясий активдүүлүк жогорулайт.

Бул табигый көрүнүш.

Саясатчылар элдин көңүлүн буруу максатында, көп жылдан бери келаткан көйгөйлөрдү козгойт.

Элдин оюн алагды кылып, өз кызыкчылыгын көздөп, объективдүү эмес маалымат таратууга баргандар да болот.

Мындай жоопкерсиздик — мамлекетибиздин коопсуздугуна, элибиздин тынч турмушуна терс таасир этет.

Келе турган инвесторлорду кооптондурат, иштеп жаткандарды чочутат.

Шайлоого ким кандай катышса, өз эрки.

Бирок, шайлоодон кийинки турмушту, өлкөнүн келечегин унутпайлы.

Шайлоону мамлекеттеги тынчтыкка кедерги тийгизбей, инвестициялык климатка залал келтирбей, өткөрүүгө милдеттүбүз.

Мамлекеттеги тынчтык, жарандарыбыздын коопсуздугу баарынан кымбат экендигин эстен чыгарбайлы.

Коомубуздун ачыктыгын пайдаланып, өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын жалпы коомго таңуулагысы келгендер да жок эмес.

Тигил же бул маселени кысым көрсөтүү, ультиматум жолу менен чечүүгө аракет кылгандар да бар.

Дагы бир жолу баса белгилеп, айтып коеюн — баардык маселе укуктук талаада чечилет.

Коомубуздагы тынчтыкты бузууга батынгандардын аракети мыйзам алкагында сөзсүз өз баасын алат.

Урматтуу депутаттар!

Өлкөнү кайсы жол менен өнүктүрөбүз, кайда барабыз, так аныкталган.

Өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук Стратегиясын кабыл алганбыз.

Анын алкагында менин президенттик ишим бүткөнгө чейинки мөөнөткө — 2024-жылга чейин аткарылчу иштердин Программасы иштеп жатат.

Силер менен чогуу жасай турган ишибиздин максаты — жөнөкөй жана түшүнүктүү.

Коррупцияны ооздуктап, кылмыштуулукту жоюп, трайбализмди жүрөктөрдөн жууп таштай турган баалуулуктарды коомдун турмушуна киргизели.

Региондор өнүгүп, жарандарыбыз ырыскысын бөтөн жерде издебей, өз мекенинде жумуш менен камсыз болушуна шарт түзөлү.

Сот системасында адилеттикти орнотуп, сотторго, күч органдарына элдин ишенимин кайтаралы.

Жаңы укуктук маданиятты жашоо практикабызга толук киргизели.

Турмушта санарипти кеңири колдонгон коомду, жаӊы технологияга негизделген экономиканы түптөйлү!

Журтубузга ак ниет кызмат кылуу, мекенибиздин көз карандысыздыгын, элибиздин эркиндигин, жерибиздин бүтүндүгүн сактоо — ар бирибиздин жашообуздун маңызы болушу керек.

Ата-бабаларыбыз кылымдар бою күрөшүп жүрүп, бизге ажайып кооз жерди, адилеттикти туу туткан, ар кандай улуттардын ынтымактуу жашоосун камсыз кылган коомду мурас калтырды.

Аларды аздектеп сактап, кийинки муунга өткөрүп берели.

Ар бир жаран жагымдуу, терең билим ала турган чөйрөдө, бекем ден соолукта, татыктуу маяна алган жумушта, сый-урматка бөлөнүп жашоосуна шарт түзөлү.

Урпактарыбыз кыргызстандык болгону менен сыймыктанып жашоосу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайлы.

Баарыбыздын түпкү максатыбыз бирөө гана — Кыргызстанды күчтүү, өнүккөн мамлекет кылуу.

Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок.

Жараткан Кудайым өзү Кыргызстаныбызды колдосун!

Элибизде аманчылык, жерибизде тынчтык болсун!»

Пикир

Оставить комментарий