• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков: Элчилер менен жолугушуулар жыл сайын өткөрүлүп турат

Президент 0

Бишкек. 18.03.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-мартта, өлкөнүн Кытайдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Канайым Бактыгулованы, Швейцариядагы Элчи Данияр Мукашевди, Түркиядагы Элчи Кубанычбек Өмүралиевди жана Казакстандагы Элчи Жээнбек Кулубаевди кабыл алды.

Кыргызстандын тышкы саясатынын маселелери жана бул өлкөлөрдөгү Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилердин ишмердигинин негизги багыттары талкууланды.

Мамлекет башчысы 2019-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин башчылары менен өткөн кеңешмени эске салып, дагы бир жолу элчилердин жана башкы консулдардын үч жылдык конкреттүү милдеттери жана алардын ишмердүүлүгүн баалоо критерийлери кечиктирбей бекитилиши керектигин баса белгиледи.

Ал Кыргызстандын элчилери жана башкы консулдары менен жолугушуулар жыл сайын өткөрүлүп, бул милдеттердин аткарылышына жана жасалган иштерине баа берилерин белгиледи.

Президент саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташууну чыңдоого багытталган ар бир өлкө менен кызматташуунун негизги артыкчылыктуу багыттарын белгилеп өттү.

Ал артыкчылыктуу тармактарга, анын ичинде өлкөнүн аймактарына инвесторлорду тартуунун, Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндө экспорттун үлүшүн жогорулатуунун маанисин белгиледи.

«Биз өлкөлөрдүн ортосундагы байланыштарды активдештирип, болгон потенциалды толугу менен колдонушубуз керек», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Мындан тышкары ал Кыргызстандын тышкы саясатындагы маанилүү багыттарынын бири чет өлкөдөгү жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо экенин эске салып, кыргызстандыктардын бул өлкөлөрдө шайлоо укугун камсыздоо үчүн шарттарды түзүү керектигин белгиледи.

Кыргызстандын Кытайдагы Элчиси Канайым Бактыгулова менен КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга жасай турган мамлекеттик визитине жана Бишкекте 2019-жылдын июль айында өтүүчү ШКУнун Саммитине даярдык көрүү маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий