• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Жээнбеков: Электрондук башкарууга өтүү – коррупцияга каршы күрөштүн башкы компоненттеринин бири

Президент 0

Бишкек, 22.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-июнда өлкөдөгү санариптик трансформациялоо боюнча жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов, экономика министри Олег Панкратов, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев, Президенттин алдындагы санариптик трансформациялоо маселелери боюнча Эксперттик кеңештин башчысы, Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Дастан Догоев, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров жана Электрондук өз ара аракеттенишүү борборунун директору Нурия Кутнаева санариптик трансформациялоо боюнча милдеттерди ишке ашырунун жүрүшү жөнүндө маалымат беришти.

Кыргызстанда санариптик трансформациялоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү жана мамлекеттик башкарууда инновациялык ыкмаларды колдонуу маселелери талкууланды.

«Электрондук башкарууга өтүү — бул тынымсыз күрөш жана татаал процесс, коррупцияга каршы күрөштүн негизги компоненттердин бири. Бул ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системасын адамга, анын баалуулуктарына жана потенциалына бурууга мүмкүнчүлүк берген курал. Санариптик форматка өтүү боюнча иштердин так графиги кабыл алынышы керек. Электрондук башкарууну киргизүү боюнча ар бир мамлекеттик органга баа берилет», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков санариптик трансформациялоо маселеси анын жеке көзөмөлүндө турганын жана аны ишке ашыруу боюнча талаптар катуу болоорун айтты.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Түндүк» системасынын «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү боюнча маалымат берди.

Анын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө «Түндүк» системасынын негизинде электрондук башкарууга 14 мамлекеттик орган туташтырылган, 5 мамлекеттик органдын ортосунда өз ара маалымат алмашуу жүргүзүлөт. Бул системанын негизинде 2018-2019-жылдары 189 мамлекеттик кызмат көрсөтүү аныкталган, алардын ичинен 22 мамлекеттик кызмат көрсөтүү электрондук формада берүүгө даяр. 2018-жылдын аягына чейин дагы 23 кызмат көрсөтүүнү электрондук формада берип баштоо пландалууда. 68 мамлекеттик органда булалуу-оптикалык байланыш линиялары өткөрүлгөн. Маалыматтык киоскалар аркылуу жалпы суммасы 10 млн 577 миң 900 сомго бардыгы болуп 218 миң 174 мамлекеттик кызмат көрсөтүлдү.

«Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруу жөнүндө айтып жатып, Кубатбек Боронов аны сервистик модель аркылуу ишке ашыруу пландалып жатканын белгиледи. Алгачкы компонент «Коопсуз жол» долбоорун киргизүү болот.

Экономика министри Олег Панкратов жана Салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров ошондой эле санариптик трансформациялоонун алкагында товарларды белгилөө (маркировка) системасын киргизүүнүн жүрүшү жөнүндө да маалымат беришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул долбоорлорду ишке киргизүүдө салмактуу башкаруучу чечимди кабыл алуу жана аткарылуусун катуу көзөмөлдөө зарылдыгын белгиледи.

Ал өлкөдө санариптик трансформация маселесин алдыга жылдыруу боюнча тез жана натыйжалуу жыйынтыктар керек деп белгиледи. Мамлекет башчысы кыргызстандыктар 2012-жылдан бери «Коопсуз шаар» долбоору качан ишке кирээрин күтүп жатышканын эске салып, Кыргыз Өкмөтүнө долбоорлордун ачык өтүшүн катуу көзөмөлгө алуусун сунуштады.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик органдарда жана коомчулукта трансформациялоо программасынын бирдиктүү түшүнүгү болушу үчүн Дастан Догоевге санариптик Кыргызстандын архитектурасынын көз карашын даярдоо тапшырмасын берди. Ал көз караштын негизинде өз ара аракеттенишүүнүн, милдеттерди ишке ашыруудагы аракеттерди жөнгө салуунун натыйжалуу механизмдери иштелип чыгат. Мында санариптик мамлекетке ийгиликтүү өтүү максатында калктын, мамлекеттик органдардын көнүп кетүү жөндөмүн өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулат.

Пикир

Оставить комментарий