• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков: Электрондук саламаттыкты сактоо бейтаптарды дарылоодо ыкчамдыкты жогорулатат

Президент 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-сентябрда, Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында электрондук саламаттыкты сактоо элементтерин өлкөдө биринчилерден болуп киргизген Жайыл районунун бирдиктүү аймактык ооруканасынын мисалында саламаттыкты сактоо системасын санариптештирүү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жайыл районунун бирдиктүү аймактык ооруканасынын директору Роза Алымкулова учурда медициналык кызматкерлер бейтаптарды тейлөөдө алардын электрондук картасын жана дары-дармектердин электрондук тизмесин колдонуп жатышканын маалымдады.

Мамлекет башчысы ошондой эле Жайыл районунун бирдиктүү аймактык ооруканасынын лабораториясын жана жандандыруу бөлүмүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки имаратын карап чыкты.

Мурунку интенсивдүү терапия бөлүмүнүн жана медициналык жабдууларынын эскиргендигине байланыштуу бул мекеменин реконструкциясы 2018-жылы АРИСтин элет жерин туруктуу өнүктүрүү боюнча долбооруна киргизилгендиги белгиленди.

Бүгүнкү күндө 22 медициналык бөлмөнү, жалпы операция бөлмөсүн жана башка жайларды куруу жана оңдоп-түзөө, желдетүү системасын орнотуу жана айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүү иштери аяктаган.

Президент Сооронбай Жээнбеков медициналык кызматкерлер менен баарлашууда, коронавирус инфекциясына байланыштуу кырдаалды турукташтырууга кошкон зор салымдары үчүн ыраазычылык билдирип, алар өлкөнүн жарандарынын ден-соолугун жана өмүрүн сактап калуу менен кесиптик милдеттерин эрдик менен аткаргандыктарын жана аткарууну улантып жатышканын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы Жайыл ооруканасынын ишмердүүлүгүндөгү санариптештирүү боюнча ийгиликтерин канааттануу менен белгиледи. Ал мындай системаларды өлкөнүн бардык саламаттыкты сактоо мекемелеринде жайылтуу зарылдыгын белгиледи. Ал электрондук саламаттыкты сактоо бейтаптарды дарылоодо ыкчамдыкты жана натыйжалуулукту жогорулатарын кошумчалады.

Президент ошондой эле санариптик технологиялар бейтаптардын убактысын үнөмдөп, административдик тоскоолдуктарды азайтарын, ал эми медицина кызматкерлери бейтаптарды сапаттуу тейлөөгө көбүрөөк көңүл бураарын баса белгиледи.

Облустук оорукананын жамааты Президентке өз көйгөйлөрүн, анын ичинде жеке мүнөздөгү көйгөйлөрүн билдиришти. Алардын ичинен эң көйгөйлүү маселелердин бири катары дарыгерлердин айлык акысынын өлчөмү экенин айтышты.

Мамлекет башчысы өлкөнүн санариптик трансформациясы ушул сыяктуу маселелерди да чечүүгө багытталгандыгын белгиледи. Коррупциянын азайышы жана каражаттын көмүскөдөн чыгарылышы менен республикалык бюджетке кирешелердин көлөмүн көбөйтүүгө, социалдык кызматкерлердин, анын ичинде дарыгерлердин эмгек акыларын жогорулатууга мүмкүн болот.

Президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлык акысы көтөрүлгөнүн эске салып, учурда өлкөнүн экономикасындагы жана бюджеттин аткарылышындагы кыйынчылыктарга карабастан, стационардык дарыгерлердин эмгек акысын жогорулатуу маселеси каралып жаткандыгын айтты.

Пикир

Оставить комментарий