• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков: Элибиз ички иштер органдарынан коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөштө олуттуу натыйжаларды күтүүдө

Президент 0

Бишкек, 01.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлерин кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын милиция кызматкеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын милиция кызматкеринин күнү менен куттуктайм!

Кыргызстандыктар адамдардын коопсуздугун ишенимдүү коргоп, кылмыштуулукка, терроризм, экстремизм коркунучтарына, адамдарды жана курал-жарактарды сатууга, баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы келишкис күрөш жүргүзүп жаткан милиция кызматкерлеринин каармандыгын, чыдамкайлыгын жана кесипкөйлүгүн жогору баалашат.

Элибиз ички иштер органдарынын ишине кунт коюу менен көңүл буруп, алардан коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөштө олуттуу натыйжаларды күтүүдө.

Сиздерге биздин жарандардын ден-соолугу, өмүрү, абийири, ар-намысы жана менчиги үчүн зор жоопкерчилик жүктөлгөн. Милиция кызматкери — мамлекеттик бийликтин өкүлү. Андыктан ал адамдардын көз алдында алардын ар биринин ишенимдүү жардамчысы жана коргоочусу болууга тийиш.

Майрам күнү өмүрүнүн күлгүн кезин милицияга арнап, узак жылдар бою Ата-Мекенге кызмат кылгандарга — милиция ардагерлерине — чын дилимден чыккан ыраазылык билдирем.

Мамлекет мындан ары да кызматкерлердин иштөөсү жана кызмат өтөөсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, аларды социалдык коргоону жакшыртууга жана милициянын материалдык-техникалык базасын чыңдоого өбөлгө болуучу чараларды ишке ашырууну улантат.

Башкы максат — коомубуздун ишенимине татыктуу укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуунун натыйжалуу системасын түзүү.

Сиздерге тынчтык, бакубатчылык, бекем ден соолук, чыдамкайлык жана татаал, бирок Ата-Мекенибиз үчүн керектүү кызматыңыздарда ийгиликтерди каалайм!»

Пикир

Оставить комментарий