• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Жээнбеков Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 27.06.19. /Кабар/. Бүгүн, 27-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмонду жана жалпы Тажикстандын элин Улуттук биримдик күнү менен куттуктап, тынчтык, бакубатчылык жана өсүп-өнүгүү каалады.

Мамлекет башчылары ошондой эле эки тараптуу кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашып, кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо процессин тездетүү макулдашуусуна жетишишти.

Пикир

Оставить комментарий