• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Эмомали Рахмон менен телефону аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 05.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 5-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Президент Сооронбай Жээнбеков Президент Эмомали Рахмонду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалады.

Мамлекет башчылар ошондой эле кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий