• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Жээнбеков Эмомали Рахмон менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 28.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 27-сентябрда Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмонго жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, КМШ Мамлекет башчыларынын Кеңешинин алкагында кайрадан жолугуп жатканын жана эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгүн канааттануу менен белгиледи.

«Кыргыз тарап кыргыз-тажик мамилелерин ар тараптуу өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Биз өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда эки тараптуу кызматташуунун потенциалын арттырып, элдерибиздин ортосунда достукту бекемдейбиз», -деп белгиледи ал.

Президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон биргелешип күч аракет жумшап, бардык багыттар боюнча кызматташууну улантууга даяр экендигин белгилешти.

Эки мамлекет башчылары кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин, анын ичинде канатташ чек ара маселелери боюнча кызматташууну активдештирүү зарылчылыгын баса белгилешти.

Сооронбай Жээнбеков Тажикстан элин жана Президент Эмомали Рахмонду Тажикстан Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгы менен куттуктады.

Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков 28 -сентябрда өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн бүгүн Душанбеге келди.

Пикир

Оставить комментарий