• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Эмомали Рахмонду Кыргызстанга жооп катары расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды

Президент 0

Бишкек, 02.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 1-февралда Тажикстан Республикасына расмий визит жасап жатат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Расмий визиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери үчүн биргелешкен билдирүү жасашты.

Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга расмий визит менен келүүгө чакыргандыгы үчүн Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмонго ыраазычылык билдирип, жолугушуулар достук жана ишеним көрсөтүү маанайында өткөндүгүн белгиледи.

“Тар курамда жана кеңири форматта биз Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда кызматташуунун урунттуу багыттары боюнча көптөгөн маселелерди талкууладык. Кыргызстан менен Тажикстанды тарыхый бекем достук байланыштырып тургандыктан, биз бүгүн кыргыз-тажик өнөктөштүгүн мындан ары бекемдөө маанайын ырастадык. Биз эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнүн бардык комплекси боюнча пикир алмаштык. Жаңы милдеттерди, кызматташуунун узак мөөнөттүү багыттарын белгилеп, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу темаларды козгодук”, -деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын Президенти сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык мамилелерге, регионалдык коопсуздук жана суу-энергетикалык жаатында маселелери абдан дыкаттык менен талкуулагандыгына токтолду.

“Кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча мазмундуу пикир алмашуу болду. Биз кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын сызыгын тактоо боюнча мындан аркы аракетибизди аныктадык. Эки тараптуу соода-экономикалык байланыштардын маанилүү негизи болуп эсептелген чек ара аймагындагы кызматташууга биз артыкчылыктуу маани беребиз”, - деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

“Биз Мамлекеттер аралык Координациялык Кеңеш, эки тараптуу маселелерди жана мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин комплекстүү кароо боюнча кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык комиссия өңдүү туруктуу эки тараптуу механизмдердин натыйжалуу ишинин маанисин белгиледик”, -деп Кыргызстандын Мамлекет башчысы кыргыз делегациясы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жана жетишилген макулдашуулар менен толук канааттангандыгын, ошондой эле аларды ишке ашыруу үчүн жигердүү иштөөгө даярдыгын билдирди. Сооронбай Жээнбеков визиттин жыйынтыктары кыргыз-тажик мамилелерин өнүктүрүүгө олуттуу түрткү берет деген ишенимин билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков эки өлкө жана эки өлкөнүн эли үчүн быйылкы жыл өзгөчө маанилүү экендигин белгиледи. “Биз мамлекеттер ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандыгынын 25 жылдыгын чогуу майрамдап жатабыз. Кыргызстан менен Тажикстанды салттуу достук, жакшы коңшулаштык, тарыхый жана руханий жалпылыктар байланыштырып, кыргыз-тажик мамилелеринин бекем негизи болуп турат”, -деди Сооронбай Жээнбеков.

Быйыл Кыргызстанда мамлекеттик деңгээлде, дүйнөдө кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш чаралар өткөрүлөөрүн баса белгиледи.

“Чыңгыз Айтматовду жакшы көрүп окуган Тажикстан дагы бул иш чараларга жигердүү катышат деп ишенем. Менин расмий сапарым болоор алдында Чыңгыз Айтматовдун “Тоолор кулаганда” акыркы романы тажик тилинде жарык көргөнүн кубаныч менен кошумчалап кетким келет”, -деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Сөзүнүн акырында Кыргызстандын Президенти бир тууган тажик элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү, ал эми Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмонго – мамлекеттик ишмердигинде зор ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмонду Кыргызстанга жооп катары расмий визит менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий