• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков Эмомали Рахмонду жана тажик элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 09.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-сентябрда, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмонду жана тажик элин Тажикстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Кыргызстан элинин жана өзүмдүн атымдан Сизди жана жалпы тажик элин Тажикстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм! Бүгүнкү күндө Сиздин даанышман жетекчилигиңиз менен Тажикстандын социалдык жана экономикалык жааттагы жетишкен олуттуу ийгиликтери өзгөчө кубандырат. Кыргызстан менен Тажикстан элдеринин кызыкчылыгы үчүн эки мамлекеттин ортосундагы чыныгы достук жана ынак коңшулук мамилелери мындан ары да Сиздин жеке колдооңуз менен бекемделе берет деп терең ишенем», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмонго чың ден соолук, бакутбатчылык жана мамлекеттик ишинде ийгиликтерди, ал эми боордош тажик элине тынчтык жана өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий