• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков Эмомали Рахмонду жана тажикстандыктарды Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-сентябрда Тажикстан Респуликасынын Президенти Эмомали Рахмонду жана тажикстандыктарды Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Көз карандысыздыкка ээ болгон күндөн тартып, Тажикстан сиздин акылман жетекчилигиңиз астында социалдык-экономикалык багытта олуттуу ийгиликтерге жетишти.

Биздин кыргыз-тажик мамилелерин өнүктүрүүгө багытталган биздин күч-аракеттерибиз эки мамлекеттин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да кеңейишине олуттуу түрткү берет деген ишенимдемин.

Боордош элдерибиздин бактылуу келечеги жана тынчтыкта жашоосу үчүн коюлган кмаксаттарга жетүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана алабыз деп ишеним артам», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмонго бекем ден-соолук, бакыт, ишине ийгилик, ал эми боордош тажик элине тынчтык жана өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий