• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков: Акыркы эки жылда 4 ири ирригациялык объект ишке берилди

Президент 0

Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. Ирригация боюнча иштер бекитилген план боюнча жүрүп жатат. Акыркы эки жылда 4 ири ирригациялык объект ишке берилди, 3 объектинин негизги участкаларында иштер бүттү. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-декабрда өтүп жаткан маалымат жыйынында.

Анын айтуусуна караганда, республика боюнча 1924 гектардан ашык жаңы сугат жерлери өздөштүрүлүп, 3900 гектарга жакын сугат жерлердин суу менен камсыздоосу жогорулады, 5000 гектарга жакын жердин мелиоративдик абалы жакшыртылды.

"Азыркы учурда 13 объектини куруу боюнча сүйлөшүүлөр өттү жана кийинки жылы 160 млн. долларын түзгөн келишимдерге кол коюу жана ратификациялоо иш-чаралары аткарылат", - деди Жээнбеков.

Мамлекет башчысы таза суу программасын ишке ашыруу үзгүлтүксүз жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

"Программадагы 653 калктуу конуштун ичиндеги 90 айылда жана 5 шаарда таза суу менен камсыз кылуу иштери бүттү. Жылдын аягына чейин 11 айылда курулуш аяктайт. Айылдарды жана шаарларды таза-суу менен камсыздоо программасына тиешелүү 320 млн долларды түзгөн долбоорлор ратификациядан өттү. Мындан тышкары ЕврАзия өнүктүрүү фонду менен 200 млн долларга меморандумга кол коюлду. Кытай Эл Республикасынан 100 млн долларга грант тартылат", - деп баса белгиледи ал.

Президент маалымдагандай, 2024-жылга чейин 27 шаарда таза суу инфраструктурасы жакшыртылат.

"Беш шаарда — Балыкчыда, Караколдо, Чолпон-Атада, Нарында жана Өзгөндө саркынды суу системалары жаңыдан курулат", - деп кошумчалады Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий