• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Жээнбеков ЕРӨБ президенти Сума Чакрабарти менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 23.05.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-майда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) президенти Сума Чакрабарти менен жолугушту.

Өнүктүрүү долбоорлорун, анын ичинде суу чарба объектилерин модернизациялоо жана куруу, жалпы өлкө боюнча ирригациялык тармактарды кеңейтүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташтыктын келечеги тууралуу пикир алышуу болду.

Мамлекет башчысы өлкөдө ар кандай инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда ЕРӨБдун активдүү ролун белгиледи жана көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

«Банктын ишмердиги жарандардын бакубатчылыгынын деңгээлин жогорулатууга өбөлгө болууда. Энергетика, ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, жеке ишканаларды колдоо, өлкөнүн финансы секторун бекемдөө чөйрөсүндөгү долбоорлор биргелешкен аракеттер менен ишке ашырылууда. Өлкөнү 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында 20 млрд доллар суммасында 249 инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылууда. Жумушсуздуктун жана миграциянын деңгээли кыскартылат», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал бүгүн Бишкекте Сооронбай Жээнбеков жана Сума Чакрабартинин катышуусу менен өткөн «Аймактар үчүн таза суу» Форумунун өлкө үчүн маанисин жана зарылдыгын баса белгиледи.
«Өлкөнү таза суу менен камсыз кылуу менин программамдын артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Жакынкы 5 жылдын ичинде биз өлкөнүн бардык аймактарын таза суу менен камсыз кылабыз. Албетте, бул долбоорлорду ишке ашырууда Банктын жардамы баа жеткис болуп саналат,» — деп айткан Президент Сооронбай Жээнбеков кызматташууну бекемдөөгө жана анын жаңы артыкчылыктуу багыттарын аныктоого даяр экендигин билдирди.

ЕРӨБ президенти Сума Чакрабарти Кыргызстандагы долбоорлорду колдоого жана инвестициялардын көлөмүн жогорулатууга Банк даяр экенин билдирди.

«Кыргызстанда калктын жашоо стандартын жогорулатуу жана жакшыртуу үчүн көп иштер аткарылган. Өлкөдө инвестициялык климат кыйла жакшырды. Биз 800 млн доллар көлөмүндө 200гө жакын долбоорду колдоп бердик. ЕРӨБ Кыргызстандагы долбоорлорду колдоо үчүн жылына 15 млн еврого жакын акча бөлүп турат жана аны 100 млн еврого чейин көтөрүүгө даяр. Биз суу менен камсыз кылуу, ирригация, айыл чарба, энергетика, тоо кен өнөр жайы ж. б. артыкчылыктуу багыттарды колдойбуз» — деп белгиледи Сума Чакрабарти.

Пикир

Оставить комментарий