• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков ЕРӨБдүн Борбордук Азия боюнча директору Нил Маккейн менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-мартта, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбордук Азия боюнча директору Нил Маккейн менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жолугушууда кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланып, биргелешкен долбоорлордун ишке ашуусунун жүрүшү каралды.

Мамлекет башчысы ЕРӨБдүн Кыргызстанда инфратүзүмдүк долбоорлорду жүзөгө ашырууда маанилүү колдоо көрсөтүп келе жаткан өлкөнүн ишенимдүү өнөктөшү болуп саналаарын белгиледи. Ирригациялык жана калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүүсү үчүн ыраазычылык билдирди.

ЕРӨБдүн Борбордук Азия боюнча директору Нил Маккейн жогоруда аталган долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүү жана чакан, орто ишкерликке колдоо көрсөтүү Банктын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары болуп кала берерин белгиледи.

Ал ЕРӨБ белгиленген маселелер жана аракеттеги долбоорлорду өз маалында ишке ашыруу боюнча ыкчам иштерди жүргүзүүнү улантаарына ишендирди.

Нил Маккейн өлкөнүн банк системасынын азыркы кырдаалга туруктуулугун белгилеп, ага оң баасын берди.

Мындан сырткары, жолугушууда атамекендик экономиканын негизги секторлоруна коронавирус инфекциясынын жайылышынын кесепеттери жөнүндө пикир алмашуу болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков ЕРӨБ менен Кыргызстандын жеке секторлору жана каржы-насыялык мекемелерине бюджеттик колдоо жана жеңилдетилген каржылоо боюнча каражат тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

Өз кезегинде Нил Маккейн түзүлгөн кырдаалга байланыштуу жеке секторду, анын ичинде чакан жана орто бизнести колдоо жана жеңилдетип каржылоо боюнча ЕРӨБдүн пландаштырып жаткан чаралары жөнүндө маалымат берди.

ЕРӨБ тарабынан Кыргызстандын коммерциялык банктарынын камсыз кылуу жөндөмдүүлүгүн каржылык чукул колдоо жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү муниципалдык ишканаларды жеңилдетип каржылоо механизмдери сунушталарын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий