• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков ЕРӨБнын Борбор Азия боюнча директору Маккейнди кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 11.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-декабрда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбор Азия боюнча директору Нил Маккейнди кабыл алды.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, жолугушууда Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан ЕРӨБ долбоорлору боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду ишке ашырууда көрсөтүп жаткан жардамы үчүн ЕРӨБгө ыраазычылык билдирди.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азия боюнча директору Нил Маккейн Мамлекет башчысына Кыргызстандагы долбоорлорду ишке ашырууда жана банктын ишмердигине көрсөткөн жеке колдоосуна ыраазычылыгын айтты.

Нил Маккейн 2019-жылы Кыргызстанда ирригация тармагын өнүктүрүү жана аймактарда, шаарларда калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча бир катар жаңы долбоорлорду ишке киргизүү боюнча ЕРӨБдүн пландары тууралуу маалымат берди. Анын ичинде бул инфраструктуралык долбоорлорго 129 млн доллардан ашуун каражат бөлүү болжолдонууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков ЕРӨБ менен болгон бардык биргелешкен долбоорлор өлкөнүн экономикасынын мындан аркы өнүгүшү, аймактарда жумуш орундарын түзүү, калктын турмушун жакшыртуу үчүн абдан маанилүү экенин белгилеп, мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий