• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков ЕТӨФ аткаруучу директору Широковду кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 26.02.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-февралда Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун (ЕТӨФ) долбоордук блогунун аткаруучу директору Андрей Широковду кабыл алды.

Мамлекет башчысы өлкөнүн эң маанилүү долбоорлорун ишке ашыруудагы ЕТӨФтүн колдоосуна ыраазычылык билдирди.

«Кыргыз Республикасынын жана Евразия өнүктүрүү банкынын биргелешкен жумушунун оң тажрыйбасын белгилеп кетүү керек. Бүгүн дагы мындан аркы жемиштүү кызматташуу боюнча пландарды белгилейбиз деп ишенем», — деп кошумчалады Сооронбай Жээнбеков.

ЕТӨФ долбоордук блогунун аткаруучу директору Андрей Широков Сооронбай Жээнбековго жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, фонд бир нече жылдан бери Кыргызстанда айыл чарбасы, транспорт жана энергетика тармагында долбоорлорду ишке ашырып иштеп жатканын белгиледи.

«Евразия фонду каржылаган долбоорлор өлкөнүн артыкчылыктуу улуттук долбоорлорунун тизмесине кирет. Жакын арада биз саламаттыкты сактоо тармагында долбоорду каржылай баштайбыз — бул мобилдик оорукана. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ишке ашып жаткан долбоорлордун портфели 500 млн долларга жакындап калды», — деп айтты Андрей Широков.

Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков жана ЕТӨФ долбоордук блогунун аткаруучу директору Андрей Широков бир катар финансылык, инвестициялык насыялар, гранттар маселелери, «Таза суу» долбоорун ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий