• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков ЕТӨФ Долбоордук блогунун аткаруучу директорун кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 19.11.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-ноябрда, «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» жогорку деңгээлдеги донордук Форумунун ишине катышуу үчүн Кыргызстанга келген Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун Долбоордук блогунун аткаруучу директору Андрей Широковду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Өлкөдө биргелешкен социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы ийгиликтүү кызматташууну канааттануу менен белгиледи.

Кыргыз тарап кызматташуунун жаңы приоритеттүү багыттарын аныктоого кызыкдар экендигин баса белгиледи.

ЕТӨФ долбоордук блогунун аткаруучу директору Андрей Широков Мамлекет башчысын «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» жогорку деңгээлдеги донордук Форумунун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Форумда айтылган жана талкууланган бардык демилгелер ишке ашырылып, иш жүзүндө колдонулушун каалады.

ЕТӨФ ирригациялык түйүндөрдү жаңылатуу, республиканын калктуу пунттарын таза суу менен камсыз кылууну жогорулатуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну колдой турганын, ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагында, анын ичинде биринчи жардам көрсөтүү системасын жакшыртуу долбоорлоруна өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

Тараптар ошондой эле автомобиль жолдорун куруу жана реабилитациялоо, гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташуунун келечегин, социалдык тармактардагы долбоорлорду ишке ашырууга гранттарды бөлүп берүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий