• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Евразия экономикалык бирлиги жөнүндөгү айрым жоболорду колдонуу жөнүндө протоколго кол койду

Президент 0

Бишкек, 06.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган келишимдин айрым жоболорун колдонуу жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 27-сентябрында кабыл алынган.

Бул Протокол менен Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган келишимдин 8-беренесинин 1-пунктуна Ташып киргизүүгө бажы алымдарынын (эквиваленттүү күчкө ээ болгон башка алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын) суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү, аларды мүчө-мамлекеттердин бюджеттерине киреше кылып которуу тартиби жөнүндө протоколдун 12-пункту боюнча өзгөртүүлөр киргизилген.

Ташып киргизүү бажы алымдарынын суммаларын бөлүштүрүүнүн жаңы ченемдери төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленген:
— Армения Республикасы — 1,220 пайыз;
— Беларусь Республикасы — 4,560 пайыз;
— Казакстан Республикасы– 7,055 пайыз;
— Кыргыз Республикасы — 1,900 пайыз;
— Россия Федерациясы — 85,265 пайыз;

Казакстан Республикасынын үлүшүн — 0,055 пайызга жана Россия Федерациясынын үлүшүн — 0,055 пайызга азайтуунун эсебинен Армения Республикасынын ташып киргизүү бажы алымдарынын суммаларын бөлүштүрүүнүн ченемдери 0,11 пайызга көбөйүп, 1,22 пайызды түзгөн.

Кыргыз Республикасы жана Беларусь Республикасы үчүн ташып киргизүү бажы алымдарынын суммаларын бөлүштүрүү ченемдери өзгөргөн эмес.

Ошондой эле, жогоруда аталган Протоколдун 2-беренесине ылайык, ал 2017-жылдын 1-январынан баштап убактылуу колдонууда киргизилгендигин жана депозитарий дипломатиялык каналдар боюнча ушул Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттери тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоо алынган айдан кийинки айдын 1инен тартып күчүнө кире тургандыгын белгилөө зарыл.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий