• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков: Евразия элдеринин Ассамблеясынын ишмердүүлүгү улуттардын байланыштарын бекемдөөгө багытталган

Саясат 0

БИШКЕК, 12.08.17. /Кабар/. Евразия элдеринин Ассамблеясынын ишмердүүлүгү евразия континентинде жашаган улуттарды жакындаштырууга жана байланыштарды бекемдөөгө багытталган. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Россия элдер Ассамблеясы кеңешинин төрагасы, Евразия элдеринин Ассамблеясынын башкы катчысынын биринчи орун басары Светлана Смирнова менен жолугушуусу учурунда билдирди.

«Биздин өлкө – көп улутуу, мындан улам улуттар аралык ынтымакты бекемдөө маселесине негизги көңүл бурулууда. Түрдүү улуттун өкүлдөрү өздөрүнүн тилин, маданиятын жана каада-салттарын сактаган. Өздөрүнүн улуттук маданиятын сактоо жана өнүктүрүүдө аларга Кыргызстан элдеринин Ассамблеясындагы улуттук-маданий борбор колдоо көрсөтөт. Муну эске алуу менен Кыргыз Республикасы Россия Федерацииясынын Президенти Владимир Путиндин жана Россия элдер Ассамблеясынын 2017-жылдын 27-майында Москва шаарында бекитилген билим берүү боюнча «Евразия элдеринин Ассамблеясы» жалпы демилгесин колдойт.

«1998-жылы Россия элдеринин Ассамблеясын түзүүдө биз 1994-жылы аналогдук түзүмү болгон Кыргыз Республикасынын тажырыйбасын эске алдык. Эми Евразия элдеринин Ассамблеясынын түзүлүшү менен биздин кызматташтык жаңы деңгээлге чыгат. Мындай кызматташтык евразиялык аймакта интеграциялык процесстерди алдыга жылдырууга оң таасирин тийгизерине, Россия менен Кыргызстандын достук байланыштарын кеңейтүүгө жана бекемдөөгө гана эмес, евразия аймагындагы башка өлкөлөр ортосунда болоруна ишенем. Жакынкы мезгилде биздин ишибиз өлкөлөргө сезилээрлик пайда алып келерине үмүттөнөм», - деп баса белгиледи Россия элдеринин Ассамблеясы кеңешинин төрагасы Светлана Смирнова.

Россия элдеринин Ассамблеясы кеңешинин төрагасынын орун басары Игорь Круговых маалымдагандай, азыркы Россия элдеринин Ассамблеясынын курамына Россиянын аймагында жашаган этникалык кыргыздарды бириктирген эки улуттук-маданий борбор кирет.

«Россия бийлиги Кыргыз Республикасынын жарандарына Россия Федерациясынын аймагында эмгек ишмердүүлүгүн ишке ашырууда улуттук айдоочулук укукту берүү чечими абдан маанилүү. Кыргыз Республикасынын айдоочулары Россиянын жолдорунда коркунучка кабылбайт деген ойдомун жана бул туура чечим» –деп билдирди Россия элдеринин Ассамблеясы кеңешинин төрагасынын орун басары Игорь Круговых.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Евразия элдеринин ассамблеясы менен тыгыз байланыштарды түзүүгө кызыктар экенин билдирип, мындай түзүмдүн түзүлүшү улуттар аралык ынтымакты өнүктүрүү, мамлекеттик органдардын түрдүү улуттардын өкүлдөрү менен өз ара байланышта иштөөсүнө жана аталган Ассамблеянын курамына кирген бардык өлкөлөрдө мамлекеттик улуттук саясатты жакшыртууда маанилүү кадам болуп саналарын баса белгиледи.

Россия элдеринин Ассамблеясы кеңешинин төрагасы Светлана Смирнова Евразия элдеринин Ассамблеясы – евразия аймагында жашаган түрдүү улуттардын маданий-гуманитардык, илимий-техникалык жана спорттук чөйрөдө бекем кызматташтыкты ишке ашырууда жаңы жана маанилүү инстурмент экенин белгиледи.

Жолугушуу соңунда Россия элдеринин Ассамблеясы кеңешинин төрагасынын орун басары Марина Мартынова Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине Россия Федерациясында басылып чыккан «Кыргыздар» илимий эмгегин эстеликке тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий