• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков ЕТӨФнун директору Андрей Широковду кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 23.07.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-июлда Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун долбоордук блогунун аткаруучу директору Андрей Широковду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда биргелешкен социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жана өнүгүүгө багытталган кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Токтогул ГЭСин реаблитациялоо жана энергетикалык, инвестициялык долбоорлор боюнча Кошумча Макулдашууну ишке ашыруу республикада энергетикалык кубаттуулуктун көлөмүн арттырууга мүмкүнчүлүк берерине ишене турганын билдирди.

Ошондой эле президент Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду тарабынан «Ден соолук кербени» долбооруна бөлүнгөн грант айыл калкын алдын ала медициналык кароодон өткөрүүгө олуттуу колдоо болоруна үмүттөнөрүн билдирди.

Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун долбоордук блогунун аткаруучу директору Андрей Широков Фонддун ишмердүүлүгүнө колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ирригациялык тармактагы жана республиканын аймактарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу долбоорлорун ишке ашыруу боюнча иштер башталганын маалымдады.

Азыркы кезде калктуу пункттардын тизмеси аныкталды жана пилоттук долбоорлордун тажрыйбасы иликтенүүдө.

Ал, энергетика, транспорт, саламаттык сактоо жана айыл чарба чөйрөлөрүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу улана турганын белгиледи. Жогорудагы бардык багыттар боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар менен тыгыз иш жүрүүдө.

Ошондой эле өлкөнүн региондорунда жолдорду куруу жана модернизациялоо боюнча инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу пикир алмашуу болду. Тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга кызыкдар жана даяр экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий