• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Евробирликтин Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү Петер Бурианды кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 19.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-февралда Кыргызстанга Европалык бирликтин Кыргызстан менен болгон мындан аркы кызматташуусу тууралуу пикир алмашуу үчүн келген Европалык бирликтин Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү Петер Бурианды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Европалык бирликтин институттары менен өз ара активдүү аракеттенишип жатканын белгилеп, Кыргыз Республикасы менен Европалык бирлик ортосундагы кеңейтилген шериктештик жана кызматташтык жөнүндөгү жаңы Келишимди макулдашуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү тездетүүнүн маанисине токтолду.

Мындан тышкары ал Кыргызстандын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча аракеттерин, социалдык программаларды, анын ичинде алыскы аймактардагы калкты таза суу менен камсыздоо (“Таза суу”) долбоорун колдогону үчүн Европалык бирликке ыраазычылык билдирди.

Европалык бирликтин Атайын өкүлү Петер Буриан Европалык бирлик Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү экенин, парламенттик демократияны, мыйзамдын артыкчылыгын жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн бекемдөөгө багытталган өлкөнүн аракеттерин колдой турганын белгиледи.

Петер Буриан өз сапарынын алкагында “Кыргызстандын көз карашы боюнча Евробирлик менен Борбордук Азиянын ортосундагы мамилелер” аттуу семинар өткөрүүнү пландаганын, анда Евробирликтин Кыргызстандагы жана жалпы Борбордук Азиядагы ишмердигинин келечеги талкууланаарын белгиледи.

“Биз Сиздин аймактарды өнүктүрүүгө басым жасап жатканыңызды байкап жатабыз жана бул жаатта так артыкчылыктуу багыттар аныкталганына оң баа беребиз”, - деп белгиледи Европалык бирликтин Атайын өкүлү Петер Буриан жана аймактарды колдоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууда кызматташтыкка даяр экенин билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан элет тургундарынын жашоо шарттарын жакшыртуу, жумушчу орундарын түзүү жана миграциянын агымын кыскартуу боюнча өнөктөштөрдүн жардамын жогору баалай турганын белгиледи.

“Эл аралык донорлор менен болгон иште биз аймактарды өнүктүрүү долбоорлорун колдоо маселелерине, анын ичинде Кыргызстандын продукциясын Европанын рыногуна алып чыгуу потенциалын арттырууга жана биринчи кезекте чакан жана орто ишкерликке ар тараптуу колдоо көрсөтүү боюнча артыкчылыктуу маани берүүгө ниеттенип турабыз. Биз Европалык бирлик тарабынан бизге берилген өзгөчө жеңилдиктерди жогору баалайбыз», - деп баса белгилеп, Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасы ВСП+ статусун алган Борбордук Азиядагы жалгыз мамлекет экенин эске салды.

Пикир

Оставить комментарий