• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жээнбеков Европа жана БА боюнча Дүйнөлүк банктын вице-президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 1-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Европа жана Борбордук Азия боюнча Дүйнөлүк банктын вице-президенти Сирил Мюллер менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле коронавирус инфекциясына каршы биргелешип күрөшүүнүн чаралары талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков илдеттин мындан ары жайылышына жол бербөө үчүн дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүү зарылдыгын белгиледи.

Дүйнөлүк банктын вице-президенти Сирил Мюллер Дүйнөлүк банк башка эл аралык каржы институттары менен катар коронавирус инфекциясынан улам келип чыккан кесепеттерди жеңүү үчүн бардык күч-аракеттерин жумшоого ниеттенип жатканын жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын да, финансылык туруктуулугун, экономикалык жактан өсүп-өнүгүүсүн калыбына келтирүүгө жардамын уланта берерин баса белгиледи.

Эки тарап түзүлгөн кырдаалда Кыргызстанга бюджеттик колдоо көрсөтүү үчүн финансылык жардам бөлүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий