• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков «Феминале» көргөзмөсү тууралуу: Бул - аялзатын мазактоо

Президент 0

Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. «Бул - аялзатын мазактоо», - деп билдирди Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктаган маалымат жыйынында Гапар Айтиев атындагы музейде өткөн көргөзмө тууралуу берилген суроого жооп берип жатып.

Анын айтуусуна караганда, аталган маселе коомду экиге бөлүп, ар кандай талаш-тартышты жаратты.

"Туура эмес окуя болду. Аял – бул биринчиден эне, кызыбыз, эжебиз, карындашыбыз, өмүрлүк жарыбыз. Илгертеден бери ата-бабабыз аялзатына аяр мамиле жасап келген. Биздин тарыхтагы сүрөттөрдү деле карасаңар, анда апа-эжелерибиз ак элечек кийип жүрүшкөн. Музейде аялдарды жылаңачтап коомчулукка чыгаруу - бул аялзатын кемсинтүү, мазактоо. Ал жакка барып, көрүүдөн мурда энелерибизди, эже-карындаштарыбызды ойлош керек", - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий