• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков менен Жеенбаева бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышын талкуулады

Президент 0

Бишкек, 11.01.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн финансы министри Бактыгүл Жеенбаеваны кабыл алды. Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы, көрүлүп жаткан чаралар жана 2019-жылга карата пландар талкууланды.

Финансы министри республикалык бюджетке салык жана башка кирешелер тууралуу маалымат берди.

Мамлекет башчысы бюджеттин киреше бөлүгүн болжолдоодо экономиканын жана салык салуу режимдеринин бардык факторлорун эске алуу керектигине көңүл бурду.

Ал финансылык тартипти бекемдөө, министрликтердин жана ведомстволордун чыгымдарын оптималдаштыруу, республикалык бюджеттин балансын камсыз кылуу фискалдык тобокелдиктерди азайтуу боюнча маанилүү чаралар экенин белгиледи.

Мындан тышкары, президент бюджеттин аткарылышын 2018-2040-жылдары КР Өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын максаттарына ылайык ишке ашыруу милдетин койду.

Пикир

Оставить комментарий