• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков финансы жана экономика чөйрөсүнүн кызматкерлерин майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 07.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн финансы жана экономика чөйрөсүнүн кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу финансы жана экономика кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Элибиздин турмуш деңгээлин жакшыртуу — экономиканы өнүктүрүүдөн жана анын технологиялык структурасын жаңылоодон көз каранды, ал эми жашоо сапатын жогорулатуу финансы чөйрөсүнүн натыйжалуулугу жана ачыктыгы менен тыгыз байланышкан.

Ушул максаттарды ишке ашыруу — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары катары аныкталган.

Өлкөбүздүн финансылык жана экономикалык туруктуулугун камсыздоого багытталган сиздердин жогорку кесипкөй эмгегиңиздерди коомубуз жогору баалайт.

Бул маанилүү милдетти аркалоо — сиздерден абийирдүүлүктү, Мекенге берилгендик менен кызмат кылууну талап кылат.

Биргеликте жасалган аракеттер менен алдыга коюлган асыл максаттарга жетебиз деп ишенем.

Сиздерге бекем ден-соолук, бакты-таалай, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм».

Пикир

Оставить комментарий