• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков футболчуларды Азия Кубогунун 1/8 финалына чыгышы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 17.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-январда футбол боюнча Кыргызстандын курама командасына Азия Кубогунун 1/8 финалына чыгышы менен куттуктоо телеграммасын жиберди.

«Урматтуу футболчулар жана тренерлер, баарыңыздарды жеңишиңер менен куттуктайм! Сиздер жогорку кесипкөйлүктү жана жеңишке жетүүдө кашкөйлүктү көрсөттүңүздөр. Филиппиндин командасы менен оюн чечүүчү оюн болчу. Сиздер кечээ кыргыз футболунун өнүгүүсүн жаңы баскычка көтөрө алдыңыздар. Биздин команда биринчи жолу ушундай абройлуу чемпионаттын 1/8 финалына чыкты. Биз сиздер менен сыймыктанабыз! Александр Сергеевич, жигиттер, силер — өз эмгегиңиздер жана аракетиңиздер менен Кыргыз Республикасынын намысын коргоп жаткан өлкөбүздөн чыныгы мекенчил азаматтарысыздар! Эң сонун оюн, бизге жакшы маанай, кубаныч жана бакыт, биздин жигиттер, команда жана бүт өлкө менен сыймыктануу сезимин тартуулаганыңыздар үчүн Сиздерге Кыргызстан элинин атынан алкыш айтам! Алдыда дагы жооптуу оюндар бар, биз силерге ишенебиз! Жараткан баарыбызды колдосун! Келерки оюндарда сиздерге жеңиш каалайм!», — деп белгиленет Президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий