• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков: Герб тарыхыбызды, биримдигибизди, келечекке болгон умтулуубузду чагылдырып турат

Президент 0

Бишкек. 14.01.19 /Кабар/. Мамлекеттик герб тарыхыбызды, бүгүнкү биримдигибизди, келечекке болгон умтулуубузду чагылдырып турат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин 25 жылдыгына карата куттуктоосунда айтылат.
«Урматтуу мекендештерим!

Эгемендүү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин кабыл алынгандыгына 25 жыл толду.

Мамлекеттик герб — мамлекеттүүлүгүбүздүн жогорку символу катары, чейрек кылымдан бери элибиздин азаттыгын, мамлекетибиздин көз карандысыздыгын даңазалап, дүйнөгө таанытып келет.

Кыргыз Республикасынын гербинин мааниси-Кыргызстандын эли үчүн өтө ыйык жана кымбат. Ал тарыхыбызды, бүгүнкү биримдигибизди, келечекке болгон умтулуубузду чагылдырып турат.

Мамлекеттик гербдин чок ортосунда Айкөл Манас атабыздын Ак шумкары элибизди, жерибизди, мамлекеттүүлүгүбүздү өзүнүн ыйык канатына калкалап, коомубуздун ынтымагын көздүн карегиндей сактоого чакырып турат.

Азыркы учурда өлкөбүз дүйнөгө мамлекеттик туусу, гимни жана герби менен кеңири таанылды.

Мамлекеттик герб — улуттук сыймыктын жана ар-намыстын башкы атрибуту катары Кыргызстандын эли менен түбөлүккө жашай берет!

Бүгүн гербдин авторлоруна жана гербди жактырып, кабыл алган „легендарлуу парламенттин“ депутаттарына ыраазылык билдирем.

Жалпы кыргызстандыктарды, сыртта жүргөн мекендештеримди, эркин өлкөбүздүн ар бир жаранын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин күнү менен куттуктайм!

Ыйык мекенибизди, ынтымактуу элибизди, сүйүктүү жергебизди Жараткан өзү колдосун!».

Пикир

Оставить комментарий