• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Германиянын президенти Штайнмайер менен жолугушту

Президент 0

Бишкек. 16.04.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин менен жолугушту.

Биргелешкен сүрөткө түшүүдөн соң, Жээнбеков Ардактуу коноктордун китебине Германия элине каалоо-тилектерин жазып калтырды.

Расмий делегациялардын мүчөлөрүн тааныштыруудан кийин, мамлекет башчылары аскердик салтанатты көрүштү, эки өлкөнүн гимндери жаңырып, Бундесвердин ардактуу кароолун кыдырып чыгышты.

Салтанаттуу азем аяктаган соң мамлекеттер башчылары сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн бет алышты.

Пикир

Оставить комментарий