• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль уткан Шаршенбеков менен жолукту

Президент 0

Бишкек, 22.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-ноябрда Венгриянын Будапешт шаарында грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медалын жеңген Жоламан Шаршенбеков жана анын машыктыруучусу Хаким Махмудов менен жолукту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мамлекет башчысы аларды дүйнө чемпионатындагы жетишкендиги менен куттуктап, өлкөнүн спортчулары чоң ийгиликтерге жетишип, баарын кубантып жатканын белгиледи.

«45 өлкөнүн спортчулары катышкан Азия оюндарында кыргызстандык 20 азамат байгелүү орундарды жеңип алышты. Биздин спортчулар өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу 3 алтын, 5 күмүш, 12 коло медалын жеңип алып, эл аралык деңгээлде өлкөбүздүн кадыр-баркын дагы бийик көтөрүштү», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле футбол боюнча улуттук курама команданын 2019-жылы Бириккен Араб Эмиратында өтүүчү футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарында 47 курама командалардын арасынан 12-орунга көтөрүлгөнүн, Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы Азиянын эң күчтүү командаларынын ичинен 10-орунга чыкканын дагы белгиледи.

«Жоламандын ийгилиги — жалпы кыргызстандыктардын ийгилиги. Баарыбыз кубандык, сыймыктандык! Грек-рим күрөш боюнча Дүйнө Чемпионатында биздин өлкөбүздүн спортчулары эки гана жолу финалдык беттешке чыгышкан. Алардын бири Канатбек Бегалиев, экинчиси Жоламан Шаршенбеков. Ушундай мээнет жана аракет менен дагы машыксаң — сенин келечегиң алдыда!», — деген каалоо-тилектерин айтты Президент.

Ал ошондой эле көп жылдан бери Бишкек шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинде машыктыруучу болуп эмгектенип келаткан Хаким Махмудовго эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

«Кыйла куракка келип калганыңызга карабастан, Кыргызстандын сыймыгы болгон балбандарды, жеңүүчүлөрдү тарбиялап — өстүрүп, талыкпай иштеп жатасыз», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков Жоламан Шаршенбековго жана анын машыктыруучусу Хаким Махмудовго Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү саатын тапшырып, аларга мындан ары да эл аралык мелдештерде, дүйнөлүк биринчиликтерде кыргыз элинин намысын коргоп, кыргыз туусун бийик көтөрүүнү каалады.

Жолугушууга ошондой КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттигинин директору Канат Аманкулов катышты.

Пикир

Оставить комментарий