• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жээнбеков Грузиянын жаңы шайланган президентин шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 30.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Грузиянын жаңы шайланган Президенти Саломе Зурабишвилини шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

«Грузиянын Президенти болуп шайланышыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Сиздин тажрыйбаңыз Грузиянын мындан ары дагы экономикалык гүлдөп өсүшүнө жана эл аралык аренада кадыр-баркынын жогорулашына түрткү берет деп терең ишенем.

Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы достук жана өз ара кызматташтык Сиздин жеңишиңиз менен жаңы деңгээлге чыгат деген жакшы тилектемин.

Сизге бекем ден-соолук жана бакубаттык, ал эми достук мамиледеги Грузия элине тынчтык жана өнүгүү каалайм», — деп айтылат Мамлекет башчынын куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий