• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Япониянын элчиси Ёсихиро Ямамураны кабыл алды

Президент 0


Бишкек, 12.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-сентябрда, Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ёсихиро Ямамураны дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Мамлекет башчысы Япониянын Элчисине өз ара ишеним жана урматтоого негизденген кыргыз-япон мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Кыргызстан Япония менен болгон ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Бул жылдары биз өз ара пайдалуу кызматташууну бекемдеп, кеңейте алдык. Япония Кыргызстанга демократиялык баалуулуктарды жылдыруу максатында гранттык, кредиттик жана техникалык жардам берип келет. Кыргызстан элинин атынан ыраазычылык билдирем», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Япониянын Элчиси Ёсихиро Ямамура Президентке жылуу кабыл алуусу үчүн ыраызычылык билдирип, анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясын өтөгөн жылдары кыргызстандыктардын жана мамлекеттик бийликтин колдоосун жана жакшы мамилесин сезгенин белгиледи.

Ал Элчинин кызматында аткарган жумушу тууралуу кыскача айтып берип, JICA япон эл аралык кызматташуу агенттигинин «Бир айыл — бир азык» долбоору эми Ысык-Көл облусунда гана эмес, өлкөнүн бардык облустарында ишке ашырылып жатканын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Элчи Ёсихиро Ямамура өлкөлөр ортосундагы саясий, соода-экономикалык, парламенттер аралык, дипломатиялык, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий