• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Япониянын парламентарийлери менен кызматташууну талкуулады

Президент 0

Бишкек, 22.10.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-октябрда, Японияга иш сапарынын алкагында Токио шаарында лидери Гэн Накатани жетектеген «Кыргызстан-Япония» парламенттик достук лигасынын мүчөлөрү менен жолугушту.

Эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде парламенттер ортосундагы өз ара мамилелер боюнча пикир алышуу болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын тарыхый окуясы — Император Нарухитонун такка отуруу аземине катышуу ал үчүн сыймык экендигин, байыркы япон салттарынын сакталып келиши ага чоң таасир калтырганын баса белгиледи.

Ал жаңы Императордун такка отуруусу менен куттуктап, япон элине өнүгүүнү жана жакшылыктарды каалады. Кыргызстан Япония менен достук мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи.

«Япония бизге түрдүү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга сезилээрлик жардам берүүдө. Ошондой эле Кыргызстандагы парламентаризмди бекемдөөгө көмөгүн белгилеп кетким келет», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын экономикасына инвестицияларды тартуу боюнча кызматташуу жөнүндө айтып жатып, ал өлкө чет элдик инвесторлор, анын ичинде япон инвесторлору үчүн да ачык экенин белгиледи.

«Биз инвестициялык чөйрөнү мындан ары жакшыртуу боюнча алгылыктуу иштерди алып баруудабыз. Өлкөнүн мыйзамдык базасы инвесторлор үчүн керектүү шарттарды камсыздайт. Биз чет өлкөлөрдөн, анын ичинде Япониядан да, ири компания жана корпорацияларды тартууга, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарбыз», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

«Кыргызстан-Япония» парламенттик достук лигасынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президентине Япония императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.

«Сиздин визит жана аземге катышууңуз — Кыргызстан элинин жана жеке Сиздин биздин өлкөгө болгон өзгөчө мамилеңиздин далили», — деп белгилешти Япониянын парламентарийлери.

Мунун алдында эле Президент Сооронбай Жээнбеков «NHK» япон телеканалына интервьюсунда кыргыз-япон кызматташтыгын кеңейтүүнүн маанилүүлүгү тууралуу айтканын канааттануу менен белгилешти. Ошондой эле Кыргызстан жана Япониянын парламенттик делегацияларынын өз ара жасалган визиттери тууралуу айтышты.

«Кыргызстан чоң туристтик потенциалга ээ. Сиздердин жаратылыш абдан кооз, абасы, суусу таза. Суу-энергетикалык ресурстардын чоң запастары бар. Булардын баары Кыргызстан үчүн баа жеткис байлык», — деп белгилешти «Кыргызстан-Япония» парламенттик достук лигасынын мүчөлөрү.

Алар ошондой эле экологиялык жактан таза азыктардын жана ошону менен бирге кыргыз балынын артыкчылыктарын белгилеп, Сооронбай Жээнбековго япон дүкөнүнөн алынган Кыргызстандын балын тартуулашты.

Пикир

Оставить комментарий