• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 23.10.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-октябрь күнү Токио шаарында Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда кыргыз-япон эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланган.

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон алгачкы жолугушуусуна жана анын Японияга сапар менен келгенине кубанычта экенин белгилеген. Япониядагы жакында болуп өткөн тайфундун кесепетинен адам курмандыктарына байланыштуу айткан колдоо сөздөрү үчүн ыраазычылыгын билдирген.

Кыргызстан менен парламенттер ортосундагы мамилелер, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу тармактарындагы алака өнүгүп жатканын белгилеген.

Ал Япония жана Кыргызстан адамдын укуктарын коргоо боюнча жалпы баалуулуктарды карманып, парламенттик демократиянын өнүктүрүү жолун тандаганын белгилеген.

Синдзо Абэ көптөгөн багыттар боюнча, анын ичинде жогорку технологиялар чөйрөсүндө кызматташууну активдештирүүгө даяр экендигин билдирген.

Президент Сооронбай Жээнбеков япон элин Нарухито императорунун такка отурушу менен куттуктап, Кыргызстан Япония менен ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгилеген.

Аны менен бирге Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө, өлкөдөгү маанилүү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга берип жаткан жардамы үчүн ыраазычылык билдирген.

Ал, япон компанияларынын Кыргызстанда бизнес долбоорлорду ишке ашырууга кызыгуусу артып жатканын белгилеген.

Ошондой эле президент, Япониянын премьер-министрине Кыргызстандын гидроэнергетика тармагындагы ири потенциалы тууралуу айтып берген.

«Бизде кичи гидроэлектростанцияларды курууга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Энергетика тармагында кызматташууну өнүктүрүү максатында жакынкы убакта Японияга тиешелүү делегацияны жөнөтүүгө даярбыз», - деди ал.

Ал Кыргызстан ВСП+ макамына ээ болуп, ЕАЭБдин мүчөсү катары экспорттук потенциалга ээ экенин, ички инфраструктураны жакшыртууга, өзгөчө фитосанитардык лабораторияларды курууга муктаждыгы бар болгонун сөз кылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын премьер-министри Синдзо Абэни ага ыңгайлуу болгон убакта Кыргызстанга келип кетүүгө чакырган.

«Мен сиздердин өлкөңүзгө барууга кубанычта болом», — деп белгилеп, Синдзо Абэ Жээнбековду дагы Японияга сапар менен келип кетүүгө чакырган.

Пикир

Оставить комментарий