• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков Япониянын премьер-министри Синдзо Абэге көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 14.10.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэге “Хагибис” тайфунунун кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

“Японияда көп сандаган адамдык курмандыктарга жана кыйроого алып келген “Хагибис” тайфуну жөнүндө кабарды абдан кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына азасын тең бөлүшүү менен көңүл айтам, ал эми бардык жабыр тарткандарга тез сакайып кетүүсүн каалайм”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Белгилей кетсек, Японияда катуу тайфун болуп, бир нече адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий