• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэге көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 09.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков көптөгөн адамдардын курмандыгына жана кыйроолорго алып келген Япониянын борбордук жана түштүк-батыш бөлүгүндөгү селдерге жана жер көчкүлөргө байланыштуу Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Кыргыз Республикасынын элинин жана өз атымдан курман болгондордун жакындарына жана туугандарына чын ниеттен көңүл айтам, ошондой эле жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалайм. Бул жаман кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий