• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-мартта КР ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Коопсуздук кеңешинин сунушу боюнча КР өкмөтү тарабынан өлкөнүн бардык аймактарына 2020-жылдын 22-мартынан тарта киргизилген өзгөчө кырдаал режими мезгилинде укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар талкууланды.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өлкөнүн бардык аймактарында 14 санитардык-карантиндик посттор коюлганын, анда ички иштер органдарынын кызматкерлери, саламаттыкты сактоо, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү күнү-түнү иштеп жатышканын маалымдады.

Өзгөчө кырдаал режими мезгилинде коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылып кетишине жол бербөө боюнча чараларды ишке ашыруу үчүн жетиштүү сандагы ички иштер органдарынын кызматкерлери тартылгандыгы белгиленди.

Кашкар Жунушалиев бардык карантиндик зоналар, калктын жашоо-турмушун камсыз кылуучу жайлар — дарылоо-санитардык мекемелери, стратегиялык объектилер күчөтүлгөн кайтаруу менен камсыздалганын кошумчалады.

Мамлекет башчысы өлкөдөгү өзгөчө кырдаал режими маалында ички иштер органдарынын бардык бөлүктөрү күчөтүлгөн режимде иштеши керектигин баса белгиледи.

Жарандардын тартипти катуу сактоосу, элдин топтолушуна жол бербөө, бардык соода түйүндөрүндө, азык-түлүк базарларында жана башка коомдук жайларда коомдук тартипти камсыздоо зарылдыгын дагы бир жолу билдирди. Бардык көрсөтүлгөн жайлар ар дайым көзөмөлдө болушу керек.

Ички иштер органдарынын кызматкерлерин зарыл болгон керек-жарак жабдыктары жана медициналык коргонуу каражаттары менен камсыздалышы зарылдыгын айтты.

Сооронбай Жээнбеков аймактардагы санитардык-карантиндик посттордон азык-түлүк жана башка эл керектеген товарларды ташыган оор жүк ташуучу унаалардын өтүшүндө коопсуздук жана карантин эрежелеринин бардык чараларын сактоо менен тоскоолдуксуз «коридор түзүлүшүнө артыкчылыктуу маани берилиши керектигин билдирди.

Ал өлкөдө өзгөчө кырдаал режими мезгилинде бизнеске болушунча көмөк көрсөтүү зарылдыгын кошумчалады. Эч ким бизнеске жолтоо кылбашы керек.

Ошону менен бирге президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал тууралуу чындыкка дал келбеген, чагымчыл маалыматтарга өз маалында бөгөт коюу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

Бардык мындай адамдардын тиешелүү мыйзамдарга ылайык катуу жоопкерчиликке тартылышы керектигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий