• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 01.02.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды. Министр 2018-жылдын жыйынтыгы жана 2019-жылга карата пландар тууралуу айтып берди. Сот-укуктук реформанын алкагында милдеттерди ишке ашыруу, коррупция менен күрөшүү, ички иштер органдарынын катарын таза эмес кызматкерлерден тазалоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди.

Анын маалыматына ылайык, 2019-жылдын январында 10 миңден ашуун кылмыштар жана жоруктар катталса, өткөн жылдын январында 2 миңге жетпеген кылмыштар катталган. Бул бардык кылмыштардын бирдиктүү реестрде катталып, натыйжада кылмыштарды жаап-жашыруу азайганына байланыштуу болууда.

Кашкар Жунушалиев ошондой эле коомдо чоң талкуу жараткан, анын ичинде милиция кызматкерлери да айыпталып жаткан кылмыштар жөнүндө маалымат берди.

"Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасындагы кылмыштардын бетин ачуу көбөйдү, бул коррупция менен күрөштүн жана ИИМде ишке ашырылып жаткан реформанын жыйынтыгы. Күнөөлүүлөр мыйзамга ылайык жазасын алышат. Биз таза, ачык жумушту жүргүзүүнү уланта беребиз", — деди министр.

Ал милициянын аброюна шек келтирген таза эмес кызматкерлерден ички иштер органдарынын катарын тазалоо иши улантылып жатканын белгиледи. Коррупция менен күрөшүү боюнча өздүк курамдын арасында жумуш күчөтүлдү. Жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароого формалдуу мамиле жасоо фактыларын болтурбоого өзгөчө көңүл бурулууда.

Жээнбеков кыргызстандыктар ички иштер органдарынан кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү олуттуу жыйынтыктарды, тартип жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча эффективдүү иш-аракеттерди күтүп жатышканын белгиледи.

"Коомчулуктун ички иштер органдарына карата сын-пикирлеринин көбөйгөнүн эске алып, ИИМ өздүк курамды таза эмес кызматкерлерден тазалоо боюнча ачык ишти улантууга тийиш. Республиканын ички иштер органдарындагы реформалар биринчи кезекте милиция кызматкерлеринин коомчулук алдындагы жоопкерчилигин жогорулатууга багытталышы зарыл. Жарандар "Менин милициям мени коргойт" деп кайрадан ишеним менен айткандай деңгээлге жетишибиз керек", – деп белгиледи Жээнбеков.

Мамлекет башчысы ошондой эле ИИМдин жол коопсуздугун камсыздоочу бөлүктөрүн реформалоого багытталган иш-чараларды жүргүзүүнүн маанисин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий