• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков ИИМ башчысынан коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуда катуу чараларды колдонууну талап кылды

Президент 0

Бишкек, 03.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасыныны Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-апрелде өлкөнүн ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Министр 2018-жылдын 8-февралында Коопсуздук кеңешинин чечими менен ички иштер органдарынын алдына коюлган олуттуу милдеттерди ишке ашыруу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ыкчам чаралар тууралуу маалымат берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ички иштер органдары тарабынан иштер күчөтүлүп жаткандыгы байкалгандыгын белгиледи. “Бирок алдыга коюлган конкреттүү максаттарга жетиш үчүн дагы көп иштеш керек”, - деп Сооронбай Жээнбеков милициянын иши мыйзамга гана негиздениш керек экендигин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ИИМ системасында коррупция деңгээли жогору экендигин, ошондой эле милиция кызматкерлеринин көп сандаган мыйзамсыз аракеттерин тастыктаган статистикалык маалыматтарды келтирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Улан Исраиловдон алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруу ыргагын басандатпастан, ички иштер органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча катуу чараларды колдонууну, калк менен тыгыз иштешүүнү талап кылды.

Пикир

Оставить комментарий