• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков Ильхам Алиевди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 12.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Азербайжан Республикасынын Президенти кызматына кайрадан шайланышына байланыштуу Ильхам Алиевге куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Сиздин Азербайджан Республикасынын Президенти кызматына кайрадан шайланышыңызга байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз!

Президенттик шайлоодогу Сиздин ишенимдүү жеңишиңиз Азербайжан Республикасын туруктуу жана ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган Сиз жүзөгө ашырып жаткан багытка Азербайджан эли ишенээрин көрсөттү.

Биргелешкен аракеттер менен өз ара урматтоого жана ишенимге негизделген кыргыз-азербайжан мамилелери мындан ары да чыңдалып жана тереңдей берет деп ишенем.

Жагдайдан пайдаланып, урматтуу Ильхам Гейдарович, Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигиңизге ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги азербайжан элине – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм!», - деп айтылат Президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий