• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков: Өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн билимдин, интеллектуалдык ресурстун мааниси өзгөчө

Президент 0

Бишкек, 32.11.18 /Кабар/. «Илимди абстракттуу изилдөөлөргө эмес, экономиканы, социалдык чөйрөнү, жалпы мамлекетти өнүктүрүүгө багыттоо зарыл. Практика менен илимди айкалыштырып, учурда талап кылынып жаткан адистик атайын кесиптерди өнүктүрүүгө көңүл бурушубуз керек. Конкреттүү иш жасаган адистер аз болуп жатат», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-ноябрда илим жана техника жагындагы Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Сооронбай Жээнбеков илимий изилдөөлөр үчүн мамлекеттик заказ Өкмөттүн деӊгээлинде аныкталып, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн кандай багыт боюнча, кайсыл проблеманы изилдөө керектиги, ага канча каражат бөлүнөөрү белгилениш керектигин айтты.

Президент белгилегендей, илим менен билим азыркы тапта дүйнөлүк экономикалык өнүгүүнүн негизги фактору болуп калды. Дүйнөлүк банктын «Дүйнөлүк өнүгүүнүн отчету» деген материалында дүйнөдөгү экономикалык өсүштүн 60тан 80 пайызына чейинки үлүшүн илимий факторлор түзөт деп белгиленген.

«Биздин өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн илимдин, билимдин, интеллектуалдык ресурстун мааниси өзгөчө. Биз эмгек ресурстарынын саны менен атаандаштыкка туруштук бере албайбыз. Биз өнүгүү, атаандаштыкка туруштук берүү үчүн калктын саны эмес, адам ресурстарынын сапатына көңүл бурушубуз керек. Билим жана илим мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүн камсыз кылган негизги фактор болушу керек», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал келечекте нанотехнология, биотехнология, композиттүү материалдар, маалыматтар технологиялары глобалдык экономиканын жүзүн аныктай турганын белгилеп, бул багыттагы иштерди ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен өнүктүрсө болоорун белгиледи. Президент сыйланып жаткан ар бир лауреаттын атын атап, жасаган иштери үчүн тереӊ ыраазычылыгын билдирди. Лауреаттарды көптөгөн талапкерлердин арасынан тандалып, жогорку мамлекеттик сыйлыкка ээ болушу менен куттуктады.

«Бул сыйлыктын артында көп жылдар бою кылган мээнет, түгөнбөгөн түйшүк, түн уйкусу жок изденүүлөр турат. Сиздердин эмгегиӊиздерди мамлекеттик жогорку сыйлык менен белгилөө — адилеттиктин иши болду. Мамлекет өз жарандарынын мекенге арнаган эмгегин баалап, аларды сыйлап, барктап алыш керек. Коомдогу ардактуу ордун тастыктап, расмий белгилеп туруш керек. Бүгүн биз ошол миссияны аткарып жатабыз», — деди Сооронбай Жээнбеков.

«Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон илимий эмгектер өлкөбүздүн актуалдуу маселелерин чечүүгө пайдасы тиет. Элдин турмуш шартын жакшыртууга таасир этет деп ишенем. Өлкөнүн өнүгүшүнө жана элибиздин бакубат жашоосуна өз салымыңарды кошо бергиле! Жаңы илимий жетишкендиктерди, ачылыштарды, бекем ден-соолук, бакубат жашоо каалайм!», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков жана лауреаттарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Иш-чаранын соңунда Президент менен эстеликке сүрөткө түшүштү.

Пикир

Оставить комментарий