• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жээнбеков Индияда темир жол кырсыгынан курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 21.10.18. /Кабар/.Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Модиге Индия Республикасынын Амритсар шаарынын жанында поезд көптөгөн адамдарды сүзүп кеткендигине байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

“Көп сандагы адам курмандыгына алып келген Индиянын Амритсар шаарынын жанында поезд адамдарды сүзүп кеткендиги жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына азасын тең бөлүшүү менен көңүл айтам, ал эми бардык жабыр тарткандардын тез сакайып кетүүсүн каалайм”, - деп белгиленет Мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында.

Эске салсак, 19-октябрда Индиянын Амритсар шаарынын жанында фестиваль учурунда поезд адамдардын тобун сүзгөн, анын кесепетинен 50дөн ашыкадам каза болуп, 200 киши жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий